Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 1970-VII
"Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Г.О.Култаева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Г.С.Молдобекова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
У.Б.Бакасов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |