Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели № 13
Канализациялык септиктер жөнүндө
“Таза-Таш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын директору Омеркулов Тураттын билдирүүсүн карап, Таш-Дөбө айылдык кеңешини
ТОКТОМ кылат:
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан кабыл алынган чечими менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарына:
1. Канализациялык септиктерди жеке менчик короосуна орнотуу.
2. Жеке менчик коросунан тышкары, жолдордо, көчөлөрдө жана муниципалдык менчиктин башка жерлерде жайгашкан канализация септиктери өз каражаттарынын эсебинен көчүрүлүшү керек.
3. Жеке участоктордун жанындагы арыктарды тазалоо.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Меймановго жана «Таза Таш-Дөбө» ишканасынын директору Өмеркулова Т.С. тапшырылсын.
Төрага | Курманбаев А. Б. |