Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 5-августу № 160
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунда "адиске," деген сөздөн кийин "ассистентке," деген сөз менен толукталсын;
2) 40-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;";
3) 44-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;";
4) 46-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;";
5) 55-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) ассистент - иш боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга.";
6) 57-беренеде:
а) берененин аталышы "жана ассистент" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кылмыш-жаза процессинин көзү азиз катышуучусуна социалдык кызмат көрсөтүү жана иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн ассистент катары социалдык кызматкерлердин, туугандарынын же башка адамдардын ичинен квалификациялуу социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө анын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн зарыл Брайл шрифти боюнча көндүмдөргө жана билимдерге ээ болгон, ишке кызыкдар эмес адам тартылышы мүмкүн.";
в) 2-бөлүгүндө "Адис төмөнкүлөргө" деген сөздөр "Адис жана ассистент төмөнкүлөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүндө "Адис төмөнкүлөргө" деген сөздөр "Адис жана ассистент төмөнкүлөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 4-бөлүк "Адис" деген сөздөн кийин "жана ассистент" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 62-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "адис," деген сөздөн кийин "ассистент," деген сөз менен толукталсын;
8) 63-берененин 1-бөлүгү "адис," деген сөздөн кийин "ассистент," деген сөз менен толукталсын;
9) 73-беренеде:
а) берененин аталышы "Адисти" деген сөздөн кийин "жана ассистентти" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүк "Адис" деген сөздөн кийин "жана ассистент" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүк "адисти" деген сөздөн кийин "жана ассистентти" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 139-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт "адиске," деген сөздөн кийин "ассистентке," деген сөз менен толукталсын;
б) 4-пункт "адистерге" деген сөздөн кийин ", ассистенттерге" деген сөз менен толукталсын;
11) 140-берененин 3-бөлүгү "котормочунун" деген сөздөн кийин "же ассистенттин" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 198-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде сурактын жүрүшүндө көзү азиз адамга текст менен таанышуу, документтерге кол коюу же берилген фото жана видеоматериалдарды баяндап жазуу талап кылынса, көзү азиз күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу ассистенттин катышуусу менен жүзөгө ашырылат.";
13) 199-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде ассистент суракка катышса, анда ал протоколдун ар бир барагына кол коет.";
14) 291-берененин 7-бөлүгү "котормочу" деген сөздөн кийин "же ассистент" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |