Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-июлу № 423
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий даражасы үчүн үстөк акы;
2) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, иштин ченемге салынбаган режими үчүн кызматтык маянага 50%га чейин пайыздык үстөк акы;
3) өзгөчө маанилүү жана жоопкерчиликтүү иштерди аткаргандыгы үчүн кызматтык маянага 100 % өлчөмүндө пайыздык үстөк акы;
4) өргүүгө чыкканда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Техникалык тейлөөчү персоналга жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык жөнгө салынат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 21, 22-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"
11 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту | 36 | 6 |
";
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 23-пункттагы "изилдөөлөр" деген сөз "демилгелер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 24-пункттагы ", Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту" деген сөздөр алып салынсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 6,60 |
2 | Директордун орун басары | 6,40 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 5,50 |
4 | Кеңешчи | 5,20 |
5 | Редактор | 4,45 |
6 | Башкы эксперт | 4,70 |
7 | Эксперт | 4,60 |
8 | Финансылык менеджер-бухгалтер | 4,45 |
9 | Кадр маселелери боюнча юрист-менеджер | 4,45 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү
№ | Иш тажрыйбасы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |
Эскертүү:
1. Иштеген жылдары үчүн үстөк акылар мамлекеттик органдардагы, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, министрликтердин, комитеттердин, административдик ведомстволордун ведомстволук мекемелериндеги, уюмдарындагы жана ишканаларындагы иш стажы үчүн белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк акылар башка үстөк акыларды жана кошумча акыларды эсепке албастан кызматтык маянасына кошуп эсептелет.
3. Иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору тарабынан бекитилет.
4. Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия өзгөчө учурларда квалификациялуу кадрларды тартуу максатында кесиби боюнча иштеген мезгилин иштеген жылдары үчүн үстөк акыны эсептөө үчүн иш стажына киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
5. Иштеген жылдары үчүн үстөк акылар мындай үстөк акыларды алууга укук берүүчү иш стажына жараша ай сайын, дифференциялдуу төлөнөт.