Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 24-октябры ПЖ № 270
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө
Бүгүнкү мамлекетибиз байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап жана коргоп келген улуу ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын жемиши болгон. Өзүнүн узак тарыхый жолунда Кыргыз мамлекети бирде күч алып, бирде чачылып, ошону менен бирге Борбордук Азияда өзүнүн татыктуу ордун жоготкон эмес.
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн, ошондой эле андан кийин болгон Үркүн каргашалуу окуясынан кийин кыргыз элинин абалы абдан оор болгон, бирок ушул күндөрдө коомдо кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаралтуу идеясы калыптанган.
Кыргызстанда совет бийлигинин орношу менен көрүнүктүү ишмерлер И.Арабаев, А.Сыдыков, А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Т.Айтматов жана башкалар азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү боюнча иштерди баштаган. Кыргыз делегаттарынын 1922-жылдан тартып өткөргөн бир катар съезддеринин натыйжасында 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин Борбордук аткаруу комитети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алган. Кыргыз эли жана анын түпкүлүктүү аймагы автономия менен чектелген жаңы өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн алкагында бириккен. Бул элдин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түздү, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди улутка консолидациялоо процесстерин тездетти.
1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун ырастаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү юбилейлик дата болуп саналат. Кыргыз элинин андан кийинки тарыхый жолу 1991-жылы Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жана өз алдынчалыгын жарыялоого укуктук негиз болду. Кыргыз Республикасы мамлекеттик кез карандысыздыкка ээ болгондон тартып өзүнүн эгемендигин ырааттуу түрдө чыңдоого багыт алды.
2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аталган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; |
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Джунушалиев Айбек Джунушалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Боконтаев Кубанычбек Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Кутнаева Нурия Асылбековна | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Баатырова Гулнара Маришовна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; |
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; |
Ажикеев Бообек Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Тургунбаев Мелис Жусупжанович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Дарданов Нурлан Камалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Иманбетов Илияз Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джумагазиев Канат Сагынович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Джетигенов Бакытбек Дженишбекович | - | Ош шаарынын мэри; |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Керимбаева Рахат Топчубаевна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Алыбаева Мария Артельевна | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы; |
Тиллебаев Болотбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору; |
Догдурбеков Эрлан | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Матубраимов Алманбет Матубраимович | - | Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шеримкулов Медеткан Шеримкулович | - | Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Апас Жайнакович | - | Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча). |