Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 434
Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, кабыл алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууну, кабыл алууну, сактоону жана сатууну уюштурууну өркүндөтүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, кабыл алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024- жылдын 2-августундагы №58 (3612) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |