Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-октябры № 25
Жер тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы №01-262 кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун 2022-жылдын 10-мартынын № 24/24/4533 берилген тапшырмасын карап жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №5 контурда жайгашкан, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнү мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон жалпы аянты 4,4 га жер тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №5 контурда жайгашкан, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнү мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон, жалпы аянты 4,40 га жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө мечит куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын деп сурануу.
Төрага | Курманбаев А. Б. |