Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 434 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, кабыл алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын негизинде иштелип чыккан ушул Жобо Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптарды аныктайт жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык иштин бардык субъекттерине жайылтылат.
2. Күйүүчү-майлоочу материалдарды кабыл алуу, сактоо, төгүү, ташуу, сатуу Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Мунай базаларында, мунайды кайра иштетүүчү заводдордо, мунай скважиналарында, темир жолдогу куюучу туюктарда, мунай сактоочу жайларда (мындан ары - объекттер) мунай продуктуларын эсепке алуу масса бирдиктеринде, ал эми автомай куюучу станцияларда (мындан ары - АКС) көлөм бирдиктеринде жүргүзүлөт.
4. Объекттерде жана АКСте колдонулуучу бардык өлчөө каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн жол берилген өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык текшерилүүгө (калибрленүүгө) тийиш.
5. Пайдаланууда турган өлчөө каражаттары текшерилүүгө (калибрленүүгө) дуушар болот, ал өлчөө каражаттарына эн тамга коюу, текшерүү (калибрлөө) жөнүндө күбөлүк берүү же өлчөө каражатынын паспортуна белги коюу менен күбөлөндүрүлөт.
6. Мунай продуктуларын эсепке алууда төмөнкүдөй өлчөө каражаттары колдонулат:
1) массаны өлчөө каражаттары: статикалык тартуу үчүн тараза, кыймылда болгондо тартуу үчүн тараза;
2) көлөмдү өлчөө каражаттары: чыгым өлчөгүчтөр, вертикалдык жана горизонталдуу резервуарлар, отун таратуучу жана май таратуучу колонкалар;
3) температураны, басымды жана тыгыздыкты өлчөө каражаттары;
4) деңгээлди өлчөө каражаттары: метроштоктор, деңгээл өлчөгүчтөр ж.б.;
5) көлөм берүүнү өлчөө каражаттары: чыгым өлчөгүчтөр, ченегичтер, резервуарлар.
7. Өлчөө каражаттарынын топтомуна жана жарактуу абалда турушуна жоопкерчилик ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт, алар өз кезегинде өлчөө каражаттарына күнүмдүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн буйрук менен адамдарды дайындайт.
2-глава. Мунай продуктуларын өлчөө методдору жана каражаттары
8. Мунай продуктуларын эсепке алуу үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) динамикалык өлчөөлөрдүн түз жана кыйыр методдору;
2) статикалык өлчөөлөрдүн түз методу;
3) статикалык өлчөөлөрдүн кыйыр методу (мунай продуктуларын өлчөөнүн көлөмдүк-массалык методу, мында масса мунай продуктуларынын көлөмүн жана тыгыздыгын көбөйтүү жолу менен аныкталат);
4) гидростатикалык принципке негизделген кыйыр метод.
Мунай продуктуларын эсепке алууда колдонуудагы МАСТ 8.587 стандарты - Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик системасы жетекчиликке алынат. Мунай жана мунай продуктуларынын массасы. Өлчөө методикасы (методдору).
Товардык операцияларда мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктоонун тактыгы колдонулган өлчөө методуна жараша болот жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
9. Мунай продуктуларынын көлөмү стационардык резервуарларда жана темир жол цистерналарында ченемдик документтердин талаптарына ылайык белгилерге бөлүнгөн таблицалар боюнча аныкталат.
Технологиялык мунай продуктулары мунай продуктуларынын сыйымдуулугун аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө (геометриялык метод) ылайык белгилерге бөлүнүүгө тийиш. Мунай продуктулары үчүн технологиялык өткөрмө түтүктөр мунай базасынын өткөрмө түтүктөрүнүн сыйымдуулугун аныктоо жана белгилерге бөлүү боюнча методикалык көрсөтмөлөргө (геометриялык метод) ылайык белгилерге бөлүнүүгө тийиш.
10. Резервуарларга жана өткөрүүчү түтүктөргө болгон белгилерге бөлүү таблицалары беш жылда бир жолудан кем эмес кайра каралып турууга тийиш.
11. Ар бир резервуарга базалык бийиктик (бийиктик трафарети) - резервуардын түбүнөн өлчөнүүчү люктун четинин жогорку кесилишине чейинки аралык түшүрүлүшү керек.
Вертикалдык резервуардын базалык бийиктиги жана түбүнүн тегиз эместиги, горизонталдык резервуардын корпусунун жантайышы ведомстволук метрологиялык кызмат тарабынан жыл сайын ченемдик документтердин талаптарына ылайык өлчөнөт жана ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
12. Автоцистернанын сыйымдуулугу даярдоочу завод тарабынан белгилениши керек жана автоцистернанын көлөмү метрология боюнча улуттук орган, анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген күбөлүк боюнча аныкталат.
13. Темир жол цистерналарында мунай продуктуларынын көлөмү бийиктиктин ар бир сантиметрине түзүлгөн белгилерге бөлүнгөн таблицалар боюнча аныкталат. Сантиметрдин бөлчөктүү бөлүктөрүнүн сыйымдуулугунун орточо мааниси эсептөө жолу менен эсептелет.
14. Товардык суунун деңгээлин өлчөө үчүн сууга сезгич ленталар же пасталар колдонулат. Ленталар бекитилет, ал эми пасталар рулетка же метрошток жүгүнө эки тараптан жука катмар менен түшүрүлөт.
15. Тандалып алынган сынамдарда тыгыздык ченемдик документтердин талаптарына ылайык айнек ареометрлер же мунай продуктуларын эсепке алуунун колдонулуучу методуна ылайык башка тыгыздык датчиктери менен аныкталат.
Тандалып алынган сынамдар боюнча мунай продуктуларынын тыгыздыгы лабораторияда же сынамдар алынуучу жерде ченемдик документтерге ылайык аныкталат.
16. Вертикалдык резервуарлардагы мунай продуктуларынын деңгээли жүгү менен 1 мм чейинки тактыкта рулетка менен өлчөнөт, жүктүн резервуардын түбүнө тийген жери горизонталдуу жана катуу болууга тийиш.
Горизонталдык резервуарларда өлчөөлөрдү жүргүзүүдө метроштоктун же рулетка жүгүнүн учу резервуардын төмөнкү түзүүчүсүн көрсөтүүгө тийиш. Эсептеп бөлүү чекитинин туруктуулугу базалык бийиктик менен контролдонот.
17. Автоцистерналарга куюуда мунай продуктуларынын тыгыздыгын аныктоо үчүн ар бир эки саат сайын резервуарлардан сынамдарды алуу керек.
18. Вертикалдык резервуардан алынган бириктирилген сынам ченемдик документтерге ылайык алынат.
19. Понтондору же калкып жүрүүчү капкактары бар резервуарлардагы мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктоодо ченемдик документтердин талаптарына ылайык оңдоолор киргизилүүгө тийиш.
20. Көлөмдү өлчөө үчүн отун таратуучу жана май таратуучу колонкалар колдонулат, алардын параметрлери ченемдик документтер менен регламенттелет. Колонкалар метрология боюнча улуттук орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан пломбаланууга тийиш.
Текшерүүдө берилген көлөмдү тууралоого жетүү мүмкүндүгү механикалык же электрондук пломба/энтамга менен жабылышы керек.
21. Транспортко май куюуда дозалар аралыктан башкаруу пульттары менен берилет.
Пульттар бир колонканы, ошондой эле колонкалардын тобун башкара алат.
Колонка менен берилген мунай продуктуларынын көлөмү суммардык эсептегичтин көрсөткүчү менен белгиленет.
Колонкалардын ишинин тактыгы күн сайын экинчи разряддагы үлгүлүү ченегичтер тарабынан кезметтер тапшырылганда текшерилип турууга жана нөөмөттүк отчеттордо белгиленүүгө тийиш.
Эгерде колонкалардын катасы ченемдик документтерде көрсөтүлгөн каталардан ашып кетсе, анда мындай колонканы эксплуатациялоого тыюу салынат.
Оңдоо аяктагандан кийин колонканы текшерүү жана пломбалоо үчүн метрология боюнча улуттук органдын же анын аймактык бөлүмүнүн текшерүүчүсү чакыртылат, ал жөнүндө жабдууларды оңдоону эсепке алуу журналына тиешелүү жазуу жазылат.
3-глава. Мунай продуктуларын кабыл алуу
22. Мунай продуктуларын кабыл алуу түзүлгөн келишимдерге, транспорттук документтерге ылайык саны жана сапаты боюнча жана сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан берилген техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо жөнүндө документтер жана сапат паспорту болгондо гана жүргүзүлөт.
23. Эгерде келип түшкөн мунай продуктуларынын массасын аныктоодо табигый азаюуну эсептен чыгаргандан кийин өлчөө катасынын тактыгынын белгиленген ченеминен ашпаган кем чыгуулар белгиленсе, жүк жөнөтүүчүгө доо коюлбайт.
24. Эгерде мунай продуктуларын кабыл алууда табигый азаюунун ченеминен ашкан кем чыгуулар же ашып калуулар аныкталса, жүк жөнөтүүчүгө доо коюлат же белгиленген мөөнөттөрдө кириштелген ашыкчалар жөнүндө кабарлама жиберилет.
Доомат менен тиркемелери бар кем чыгуу жөнүндө акт жиберилүүгө тийиш.
25. Мунай продуктуларынын сапаты жана маркалоосу ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына, техникалык шарттарга же болбосо сапатты күбөлөндүрүүчү коштомо документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, ишкана текшерилген мунай продуктуларынын өлчөмүн жана аныкталган сапаттык бузуулардын мүнөзүн көрсөтүү менен даярдоочунун сапат паспортуна таянуу менен акт түзөт.
26. Мунай продуктулары ишканага келип түшкөндө материалдык жактан жооптуу адамдардын отчеттуулугунда алар тарабынан кабыл алган мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү саны кириштелет.
27. Мунай продуктуларын кабыл алуу Мунай базаларын техникалык эксплуатациялоо эрежелерине ылайык даярдалган атайын төгүүчү түзүлүштөр аркылуу жана атайын бөлүнүп, так белгиленген төгүүчү жерлерде гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
28. Темир жол цистерналарындагы мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктоо темир жол цистерналарындагы мунай продуктуларын аныктоо таблицаларын колдонуу менен ар бир цистерна боюнча жүргүзүлөт жана төгүлгөндөн кийин резервуардагы өлчөмү менен салыштырылууга тийиш.
29. Мунай продуктулары жана төгүү үчүн резервуарларды даярдоо ченемдик документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Мунай продуктуларын кабыл алуу ишкананын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар тарабынан жүргүзүлөт.
31. Жүк жөнөтүүчүнүн документтери менен айырмачылыктар аныкталганда акт түзүлөт, ал ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет.
32. Мунай продуктуларынын келип түшүүсүн жана кириштелишин контролдоо үчүн келип түшкөн мунай продуктуларын эсепке алуу журналы жүргүзүлөт. Журналга жазуулар транспорттук документтерге жана мунай продуктуларын кабыл алуу актыларына ылайык жүргүзүлөт.
33. Автоцистерналардан кабыл алуу так бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзүлөт жана мында мунай продуктуларынын агып калуусун болтурбоо керек.
34. Автоцистерналардан мунай продуктуларын кабыл алууда пломбалардын болушу жана бүтүндүгү, автоцистерналардын техникалык абалы текшерилет, цистерналардын толук толтурулушу жана мунай продуктусунун айдоочу тарабынан көрсөтүлгөн товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөнгө шайкештиги аныкталат.
35. Автоцистернадагы мунай продуктуларынын өлчөмү көлөмдүк-массалык метод менен аныкталат.
4-глава. Мунай продуктуларын сактоо
36. Мунай продуктуларын сактоо резервуарларда жана идиштерде ченемдик документтердин талаптарына ылайык жана так белгиленген жерлерде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Резервуарлар статикалык электр кубулуштарынан резервуарларды жерге туташтыруунун жалпы контуруна же атайын чагылган тоскучтарга туташтыруу жолу менен корголууга тийиш.
37. Мунай продуктуларын эсепке алуу бардык технологиялык операцияларды чагылдыруу менен ар бир резервуар боюнча өзүнчө резервуарлардагы мунай продуктуларын өлчөө журналында жүргүзүлөт. Мунай сактоочу жайлардын же мунай базаларынын резервуарлары АКС жана АГКС резервуарларынан өзүнчө жайгаштырылууга тийиш.
38. Резервуарларда этилденген бензиндерди сактоо Этилденген бензинди колдонуудагы коопсуздук чаралары боюнча нускамага так ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
39. Сакталган мунай продуктуларынын өлчөмүн контролдоо аларды резервуарда өлчөө жолу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
40. Мунай продуктуларын сактоодо жоготууларды болтурбоо үчүн резервуардык парктын абалына байкоо жүргүзүү уюштурулууга тийиш. Мунай продуктуларынын агып калуусу аныкталган учурда, агып калууларды четтетүү жана аймакты булгануудан тазалоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
41. Жарактуу челектерге, бидондорго, каптарга ж.б. бөлүштүрүлүп салынган мунай продуктуларынын өлчөмү идишке түшүрүлгөн трафарет боюнча аныкталат.
5-глава. Мунай продуктуларын мунай базаларынан, АКСтен, мунай жиберүүчү заводдордон берүү
42. Мунай продуктуларын мунай базаларынан, АКСтен жана мунай жиберүүчү заводдордон берүү сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан берилген техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо жөнүндө документтер болгондо гана жана жаратылышты коргоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
43. Мунай продуктулары бар цистерналар мунай продуктулары алуучунун автотранспорту менен ташып чыгарылган (өзү ташып чыгарган) учурларды кошпогондо, колдонуудагы ташуу эрежелерине ылайык мунай продуктуларын берген ишканалар тарабынан пломбаланууга тийиш.
44. Автоцистерналардагы мунай продуктунун тыгыздыгы жана иш жүзүндөгү температурасы ченемдик документтерге ылайык алынган сынам боюнча аныкталат.
45. Челектерге жана башка майда идиштерге куюуда мунай продуктуларынын өлчөмү эсептегичтин көрсөткүчтөрү боюнча же бош жана куюлган идиштерди таразага тартуу менен эсептелет.
46. Идиштерге куюлган (челектерде, бидондордо, банкаларда ж.б.у.) мунай продуктуларынын өлчөмүн эсепке алуу идиште көрсөтүлгөн трафарет боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Мунай продуктуларынын идиштерин маркалоо ченемдик документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
47. Мунай продуктулары керектөөчүлөр ишеним кат көрсөткөндө алардын техникалык жактан жарактуу идиштеринде (өзү ташып чыгуу менен) берилет.
48. Мунай продуктуларын сатуу так бөлүнгөн жерлерде жайгашкан атайын жабдылган станциялар аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга жана автотранспорттон мунай продуктуларын сатууга тыюу салынат.
6-глава. АКСте технологиялык процесстер
49. АКСте технологиялык процесстерге төмөнкүлөр кирет:
1) мунай продуктуларын кабыл алуу жана алардын төгүлүшүн контролдоо;
2) белгиленген тактык менен ар бир керектүү учурда резервуарларда мунай продуктуларынын болушун аныктоо;
3) мунай продуктуларын берүү;
4) берилген мунай продуктуларын эсепке алуу жана эсепке алуу-отчеттук маалыматты берүү.
50. АКСке автоцистерналарда келген мунай продуктуларын кабыл алуу товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча жана сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан берилген техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо жөнүндө документтер болгондо гана жүргүзүлөт. Документтер санариптик же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
51. Мунай продуктуларын куюунун алдында АКС оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) резервуардын жана анын жабдууларынын, технологиялык түтүк өткөргүчтөрдүн, бекитүүчү арматуранын кемчиликсиздигин текшерүүгө;
2) резервуардын сыйымдуулугун аныктоого;
3) өрт өчүрүү каражаттарынын бар экендигин жана кемчиликсиздигин, автоцистернаны жерге туташтыруунун тууралыгын жана анын куюучу түзүлүшүнүн кемчиликсиздигин текшерүүгө;
4) цистернадан мунай продуктуларын ага куюп бүткөнгө чейин резервуардан машиналарга куюуну токтото турууга;
5) автоцистернаны толтуруу деңгээлин жана автоцистернанын кыймылдаткычынын өчүрүлгөндүгүн текшерүүгө (өзү куюлганда же АКС насосу менен куюуда);
6) сынамды алууга жана цистернадагы мунай продуктунун температурасын өлчөөгө;
7) эгерде цистерна пломбаланбаса, автоцистернадагы товардык суунун бар экендигин текшерүүгө.
52. Температураны жана тыгыздыкты өлчөөнүн натыйжалары товардык-транспорттук коштомо кагазда жана нөөмөттүк отчетто белгиленүүгө тийиш.
Товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн жана өлчөөдө алынган маалыматтардын ортосундагы айырмачылыктар температуранын өзгөрүшүнөн продуктунун көлөмдүк кеңейишин (кысылышын) эске алган коэффициенттен ашпоого тийиш.
53. Мунай продуктунун иш жүзүндө кабыл алынган өлчөмү менен товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн өлчөмдүн ортосунда айырма жок болсо, оператор коштомо кагазга кабыл алгандыгы жөнүндө жазат, анын бир нускасын АКСке калтырат, ал эми калган нускаларын мунай продуктуларын жеткирген айдоочуга кайтарып берет.
54. Келген мунай продуктуларынын товардык-транспорттук коштомо кагазга шайкеш келбегендиги аныкталса, жетпегендиги жөнүндө акт түзүлөт, анын бир нускасы айдоочуга берилет. Мунай продуктунун жетпегендиги жөнүндө товардык-транспорттук коштомо кагаздын бардык нускаларына тиешелүү белги коюлат.
7-глава. Түтүк өткөргүч аркылуу алынган мунай продуктуларынын көлөмү
55. АКС товардык оператору ишкананын администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда мунай продуктунун деңгээлин, температурасын жана АКС резервуарындагы товардык суунун деңгээлин (сордурганга чейин жана андан кийин) аныктайт.
Мунай продукту сордурулуп бүткөндөн кийин ишкананын администрациясынын өкүлү түтүк өткөргүчкө пломба коет.
56. Түтүк өткөргүч аркылуу берилген мунай продуктуга акт түзүлөт.
57. Мунай продуктуларынын АКСке келүүсүн жана кириштөөнү контролдоо үчүн алынган мунай продуктуларын эсепке алуу журналы жүргүзүлөт.
8-глава. АКСте нөөмөттү кабыл алуу (өткөрүп берүү) тартиби
58. АКС операторлору нөөмөттү кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө төмөнкүлөрдү бирге аткарат:
1) бардык май бөлүштүрүүчү колонкалардагы суммалык эсептегичтин көрсөткүчтөрүн алат жана алардын негизинде нөөмөттө сатылган мунай продуктуларынын өлчөмүн аныктайт;
2) резервуардагы температураны, мунай продуктуларынын жана товардык суунун деңгээлин өлчөйт;
3) өлчөөнүн натыйжалары боюнча АКС резервуарындагы мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмүн аныктайт;
4) майда идишке коюлган мунай продуктуларынын жана башка товарлардын санын аныктайт;
5) ар бир май бөлүштүрүүчү колонканын иш жүзүндөгү катасын үлгүлүү өлчөгүчтүн жардамы менен текшерет;
6) мунай продуктуларынын мүмкүн болгон агып чыгуусун текшерет жана алар табылса тиешелүү чараларды көрөт.
59. Ар бир нөөмөт аяктагандан кийин нөөмөттүк отчет түзүлөт.
60. Мунай продуктунун калдыгына жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн, ошондой эле башка товарлардын калдыктарын текшерүүнүн негизинде нөөмөттүн аягындагы иш жүзүндөгү калдык аныкталат.
61. Нөөмөттүк отчет эки нускада (көчүрүү менен) түзүлөт жана ага АКС операторлору кол коет.
Отчеттун биринчи нускасы тил кат менен ишкананын бухгалтериясына ага тиркелген берилген жана төлөнгөн талондор, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, акчалар, мунай продуктуларын кабыл алуу актылары менен берилет, ал эми экинчи нускасы АКСтин нөөмөттүк отчеттор китебинде калат жана АКС операторлору үчүн контролдук болуп саналат.
62. Нөөмөттү кабыл алууда жана тапшырууда үлгүлүү өлчөгүчтүн жардамы менен аныкталган май бөлүштүрүүчү колонканын иш жүзүндөгү катасы, инвентаризациялоонун ортосундагы мезгилде контролдук-топтоо ведомостунда мунай продуктуларынын ар бир нөөмөтү, түрлөрү жана маркалары боюнча эсепке алынат.
Инвентаризациялоо датасына карата каталардын жыйынтыктары эсептелет жана жыйынтыгы сальдо менен аныкталат.
Эгерде нөөмөттү өткөрүп берүүдө ар бир май бөлүштүрүүчү колонканын иш жүзүндөгү катасы катталбаса, аны эсепке алууда көрсөтүү үчүн колдонууга тыюу салынат.
63. Май бөлүштүрүүчү колонканын дозага бөлүү катасын эсепке алуунун контролдук-топтоо ведомосту менен катар объекттин бухгалтериясы тарабынан мунай продуктуларынын түрлөрү жана маркалары боюнча нөөмөттүн ар бир курамын кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө аныкталган натыйжалардын (ашып кетүү жана жетпей калуу) контролдук-топтоо ведомосту жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алууда, кабыл алууда, сактоодо жана сатууда техникалык талаптар жөнүндө жобонун тиркемеси |
Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун тактык ченемдери
№ | Өлчөө методунун аталышы | Өлчөө ыкмалары жана шарттары | Өлчөө диапазону | Өлчөөнүн жол берилген катасынын чектери |
1 | Магистралдык түтүк өткөргүч, темир жол, автомобиль, суу транспортунун түрлөрү менен ташуу үчүн (ташуудан кийин) сактоодо жана (же) жүктөөдө (түшүрүүдө) (технологиялык процесстерди контролдоо максатында жүргүзүлүүчү операцияларды кошпогондо) өзүнүн сапаты боюнча техникалык регламентке жана башка ченемдик документтерге шайкеш келген биринчи казып алынган мунайдын санын өлчөө | 1.1. Динамикалык өлчөөнүн түз жана кыйыр методдору менен | Чектөөсүз | 0,25% (брутто); 0,35% (нетто) |
1.2. Ажыратылган вагон-цистерналарды жана автомобиль цистерналарын статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу | Чектөөсүз | 0,4% (брутто); 0,5% (нетто) | ||
2 | Статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу | 2.1. Кыймылдагы ажыратылбаган вагон-цистерналар жана алардан курамдар: | Чектөөсүз | 1% (брутто); 1,1% (нетто) |
2.1.2. Жалпы массасы 1000 тоннага чейин жана андан ашык курамдар үчүн | Чектөөсүз | 2,5% (брутто); 2,6% (нетто | ||
2.1.3. Токтотулган ажыратылбаган вагон-цистерналар жана алардан курамдар | Чектөөсүз | 1% (брутто); 1,1% (нетто) | ||
2.2. Статикалык өлчөөнүн кыйыр методу менен жана гидростатикалык принципке негизделген өлчөөнүн кыйыр методу менен | 200 тоннадан тартып жана андан ашык | 0,5% (брутто); 0,6% (нетто) | ||
200 тоннага чейинкини кошкондо | 0,65% (брутто); 0,75% (нетто) | |||
3 | Техникалык регламентке жана башка ченемдик документтерге шайкеш келбеген, бирок түтүк өткөргүч, темир жол, автомобиль, суу транспортунун түрлөрү менен ташуу үчүн жүктөө учурунда (технологиялык процесстерди контролдоо максатында жүргүзүлүүчү операцияларды кошпогондо) (берүүдө) сатуучу (берүүчү) менен сатып алуучунун (алуучунун) ортосундагы келишимдик мамилелердин жоболоруна жооп берген берилген жана (же) кабыл алынган мунайгаз суу аралашмасынын (скважина суюктугунун) санын өлчөө | 3.1. Пласттык шарттарда илээшкек мунайды динамикалык өлчөөнүн түз жана кыйыр методдору менен: |
|
|
3.1.1. 200 мПа с чейин | Чектөөсүз | 2,5% | ||
3.1.2. 200 мПа с жана ашык | Чектөөсүз | 10% | ||
3.2. Пласттык шарттарда илээшкек мунайды ажыратылган вагон-цистерналарды жана автомобиль цистерналарын статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу: |
|
| ||
3.2.1. 200 мПа с чейин | Чектөөсүз | 0,40% | ||
3.2.2. 200 мПа жана ашык | Чектөөсүз | Жөнгө салынбайт | ||
3.3. Кыймылдагы ажыратылбаган вагон-цистерналарды жана алардан курамдарды пласттык шарттарда илээшкек мунайды статикалык өлчөөнүн түз методу аркылуу таразага тартуу менен: | Чектөөсүз |
| ||
3.3.1. 200 мПа с чейин | Чектөөсүз | 2,5% | ||
3.3.2. 200 мПа с жана ашык | Чектөөсүз | Жөнгө салынбайт | ||
3.4. Пласттык шарттарда илээшкек мунайды гидростатикалык принципке негизделген кыйыр өлчөө методу менен: | Чектөөсүз |
| ||
3.4.1. 200 мПа с 1 чейин | Чектөөсүз | 2,5% | ||
3.4.2. 200 мПа с жана ашык | Чектөөсүз | Жөнгө салынбайт | ||
4 | Ташуунун жана сатуунун жыйынтыгы боюнча (технологиялык процесстерге мониторинг жүргүзүү максатында жүргүзүлүүчү операцияларды кошпогондо) сактоодо, ташуу үчүн берүүдө, кабыл алууда мунай продуктуларынын массасын (көлөмүн) өлчөө | 4.1. Динамикалык өлчөөнүн түз жана кыйыр методдору менен | Чектөөсүз | 0,25% |
4.2. Ажыратылган вагон-цистерналарды жана автомобиль цистерналарын статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу | Чектөөсүз | 0,4% | ||
4.3. Статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу: |
|
| ||
4.3.1. Кыймылдагы ажыратылбаган вагон-цистерналар жана алардан курамдар: |
|
| ||
4.3.1.1. Жалпы массасы 1000 тоннага чейинки курамдар үчүн | Чектөөсүз | 1% | ||
4.3.1.2. Жалпы массасы 1000 тонна жана андан ашык курамдар үчүн | Чектөөсүз | 2,5% | ||
4.3.1.3. Токтотулган ажыратылбаган вагон-цистерналар жана алардан курамдар | Чектөөсүз | 1% | ||
4.3.2. Төмөнкүлөр аркылуу автомай куюучу станцияларда сатууда көлөмдү же массаны динамикалык өлчөөнүн түз методу менен: | Чектөөсүз |
| ||
4.3.2.1. Май бөлүштүрүүчү колонкалар | Чектөөсүз | 0,25% айлана-чөйрөнүн жана майдын (20 +/- 5) °С температурасында; 0,5% айлана-чөйрөнүн жана диапазондун чегинен чыккан майдын температурасында (20 +/- 5) °С | ||
4.3.2.2. Май бөлүштүрүүчү колонкалар | Чектөөсүз | +/- 0,25% | ||
4.3.3. Статикалык өлчөөнүн кыйыр методу менен жана гидростатикалык принципке негизделген өлчөөнүн кыйыр методу менен | 200 тоннадан баштап | 0,5% | ||
200 тоннага чейин | 0,65% | |||
4.3.4. Токтотулган ажыратылбаган вагон-цистерналарды статикалык өлчөөнүн түз методу менен таразага тартуу | Чектөөсүз | 1% |
Эскертүү:
брутто - транспорттук идишти эсепке алуу менен мунай продуктунун саны;
нетто - таза мунай продуктунун саны.