Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 214/35-5
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы №206/34-5 “2024-жылга Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планынын акча каражаттардын өздөштүрүү планын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 02-июлундагы №1-22/2149 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планынын акча каражаттардын өздөштүрүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы №206/34-5 токтомунун тиркемеси жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |