Загрузка документа…
БИРИККЕН ЫНТЫМАК АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2024-жылдын 03-июну №4/1
Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында, № 247 контурунда жайгашкан 13,48 кайрак айдоо жер аянтын , өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттарды обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жерлерди “Өнөр жай тарнспорт, байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1999-жылдын 2-июлундагы кабыл алынган № 45 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2-главасынын 13- беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш тарнспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумун чечимин угуп Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында, №247 контурунда жайгашкан 13,48 га кайрак айдоо жер аянтын, айыл аймактын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мамлекеттик менчикке алуусуна макулдук берилсин .
2.Бул токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү Н.Раимовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш тарнспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Эрмекбаев |