Загрузка документа…
БИРИККЕН ЫНТЫМАК АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2024-жылдын 03-июну №4/2
Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында, № 247 контурунда жайгашкан 13,48 кайрак айдоо жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн “ Өнөр жай тарнспорт, байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13- беренесинин 2013- жылдын 15- июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында №247 контурунда жайгашкан 13,48 га кайрак айдоо жер аянтына таш кесүүчү завод куруу үчүн “ Өнөр жай тарнспорт, байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында, №247 контурунда жайгашкан 13,48 га кайрак айдоо жер аянтын “ Өнөр жай тарнспорт, байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин .
2.Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы “Кадастр” боюнча Кара-Суу районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Кара-Суу районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыктарынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Раимовго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш тарнспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Эрмекбаев |