Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 215/35-5
Токмок ш., 3-кичирайон дарегинде жайгашкан №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулган имаратын Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга жана аны Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июнундагы №1-22/2060 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш., 3-кичирайон дарегинде жайгашкан №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулган имаратын Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токмок ш., 3-кичирайон дарегинде жайгашкан №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |