Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 216/35-5
Токмок шаары, Парковая көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан социалдык шаарчанын 100 батирин, ФАП жана мечитти Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июнундагы №1-22/2060 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Парковая көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан социалдык шаарчанын 100 батирин, ФАП жана мечитти Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |