Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 219/35-5
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №129/23-5 “Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1-22/2145 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №129/23-5 “Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелери” тиркемесинде:
- 9-абзацындагы “Өнөр жай зонасы” деген сөздөрү алынып салынсын;
- кийинки редакцияда “VII зона (6,0) - өнөр жай, өндүрүш ишканалары, логистикалык борбор жана башка ири өндүрүш жүргүзгөн ишканалар үчүн берилген жер тилкелери” абзацы менен толукталсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |