Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 220/35-5
Токмок шаары, 3-кичирайонундагы түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан 97140,0 чарчы метр жер тилкесин “Токмок Жол Курулуш” муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 04-июнундагы №1-22/2192 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, 3-кичирайонундагы түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан 97140,0 чарчы метр жер тилкесин “Токмок Жол Курулуш” муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |