Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-октябры № 636
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексинин 99-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонууга карата көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондордун жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринен бошотулуучу адамдардын кийим-кече буюмдарынын сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелерин эмерек, инвентарь, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорго жана кармалган адамдарга самын жана жуучу каражаттарды берүүнүн минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон эркектерди кийим-кече менен жабдуунун № 1 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Жасалма аң териден кулакчындуу тумак | 1 даана | 3 жыл |
|
2 | Кепка | 1 даана | 2 жыл |
|
3 | Бир өңдүү күңүрт түстөгү кездемеден тигилген кышкы күрмө | 1 даана | 3 жыл |
|
4 | Кебез кездемеден күрмө (шым, күрмө) | 2 комплект | 2 жыл |
|
5 | Футболка | 2 даана | 1 жыл |
|
6 | Майка | 2 даана | 2 жыл |
|
7 | Трусы (ич кийим) | 2 даана | 2 жыл |
|
8 | Байпак | 3 жуп | 1 жыл |
|
9 | Жылуу байпак | 1 жуп | 1 жыл |
|
10 | Көйнөк жана кальсон | 1 комплект | 2 жыл | Көйнөк жана кальсон 60 жаштан ашкан адамдарга берилет |
11 | Кышкы өтүк | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
12 | Туфли | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
13 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 2 жыл |
|
Бул ченем боюнча Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрүндө жаза өтөөгө жиберилген соттолгондор, ошондой эле медициналык мекемелерде чарбалык тейлөө боюнча жумуштарга тартылган соттолгондор камсыздалат.
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон аялдарды кийим-кече менен жабдуунун № 2 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Жарым-жартылай жүндөн токулган жоолук | 1 даана | 2 жыл |
|
2 | Жайкы жоолук | 1 даана | 2 жыл |
|
3 | Бир өңдүү күңүрт түстөгү кездемеден тигилген кышкы күрмө | 1 даана | 3 жыл |
|
4 | Ичтелген күрмө (күзгү-жазгы) | 1 даана | 2 жыл |
|
5 | Көйнөк-костюм | 1 даана | 2 жыл |
|
6 | Ич кийим (панталон) | 1 даана | 2 жыл | 55 жаштан ашкан адамдарга берилет |
7 | Футболка | 2 даана | 1 жыл |
|
8 | Бюстгальтер | 2 даана | 1 жыл |
|
9 | Трусы (ич кийим) | 3 даана | 2 жыл |
|
10 | Узун байпак (колготки) | 2 жуп | 1 жыл |
|
11 | Кышкы колготки | 2 жуп | 2 жыл |
|
12 | Байпак | 3 жуп | 1 жыл |
|
13 | Жылуу байпак | 1 жуп | 1 жыл |
|
14 | Кышкы өтүк | 1 жуп | 2 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
15 | Туфли | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
16 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 2 жыл |
|
Түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда жаза өтөп жаткан соттолгондорду кийим-кече менен жабдуунун № 3 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Эскертүү | |
Эркектер | Аялдар | ||||
1 | Жасалма аң териден кулакчындуу тумак | 1 даана |
| 3 жыл |
|
2 | Кепка | 1 даана |
| 2 жыл |
|
3 | Жарым-жартылай жүндөн токулган жоолук |
| 1 даана | 3 жыл |
|
4 | Жайкы жоолук |
| 1 даана | 1 жыл |
|
5 | Кышкы күрмө | 1 даана | 1 даана | 3 жыл |
|
6 | Кебез кездемеден күрмө (шым, костюм) | 1 комплект |
| 1 жыл |
|
7 | Көйнөк костюм |
| 1 даана | 2 жыл |
|
8 | Көйнөк жана кальсон | 1 комплект |
| 2 жыл | 60 жаштан ашкан эркектерге берилет |
9 | Майка | 2 даана |
| 1 жыл |
|
10 | Трусы (ич кийим) | 2 даана |
| 1 жыл |
|
11 | Аялдардын трусысы (ич кийим) |
| 2 даана | 1 жыл |
|
12 | Ич кийим (панталон) |
| 2 даана | 1 жыл | 55 жаштан ашкан аялдарга берилет |
13 | Бюстгальтер |
| 2 даана | 1 жыл |
|
14 | Колготки |
| 2 даана | 1 жыл |
|
15 | Байпак | 2 жуп | 2 жуп | 1 жыл |
|
16 | Кышкы өтүк | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
17 | Туфли | 1 жуп | 1 жыл | 2 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
18 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл |
|
Эскертүү: тергөө изоляторунда кармалгандарга ушул ченем менен боюнча кийим-кече өздөрүнүн кийими жок учурда берилет.
Тарбия абагында жаза өтөп жаткан соттолгондорду кийим-кече менен жабдуунун № 4 ченемдери
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | |
Эркектер | Аялдар | |||
1 | Жасалма аң териден кулакчындуу тумак | 1 даана |
| 3 жыл |
2 | Жарым-жартылай жүндөн токулган жоолук |
| 1 даана | 2 жыл |
3 | Жайкы жоолук (косынка) |
| 1 даана | 1 жыл |
4 | Кепка | 1 даана |
| 1 жыл |
5 | Ичтелген күрмө (күзгү-жазгы) | 1 даана | 1 даана | 2 жыл |
6 | Кышкы күрмө | 1 даана | 1 даана | 3 жыл |
7 | Костюм (күрмө, шым джинсы) | 2 комплект |
| 2 жыл |
8 | Көйнөк (юбка) |
| 1 даана | 1 жыл |
9 | Ички көйнөк | 2 даана |
| 1 жыл |
10 | Блузка |
| 1 даана | 1 жыл |
11 | Ич көйнөк |
| 2 даана | 1 жыл |
12 | Майка | 2 даана | 1 даана | 1 жыл |
13 | Трусы (ич кийим) | 2 даана | 2 даана | 1 жыл |
14 | Бюстгальтер |
| 2 даана | 1 жыл |
15 | Байпак | 4 жуп | 2 жуп | 1 жыл |
16 | Жылуу байпак | 2 жуп | 2 жуп | 1 жыл |
17 | Узун байпак (колготки) |
| 2 даана | 1 жыл |
18 | Кышкы колготки |
| 2 даана | 2 жыл |
19 | Шымдын куру | 1 даана |
| 1 жыл |
20 | Кышкы өтүк | 1 жуп |
| 2 жыл |
21 | Кышкы өтүк |
| 1 жуп | 2 жыл |
22 | Туфли | 1 жуп |
| 1 жыл |
23 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл |
24 | Спорттук бут кийим | 1 жуп | 1 жуп | 2 жыл |
Өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондорду кийим-кече менен жабдуунун № 5 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Жасалма аң териден кулакчындуу тумак | 1 даана | 3 жыл |
|
2 | Кепка | 1 даана | 2 жыл |
|
3 | Бир өңдүү күңүрт түстөгү кездемеден тигилген кышкы күрмө | 1 даана | 3 жыл | Далысында ӨБЭА деген жазуусу менен |
4 | Кебез кездемеден күрмө (шым, костюм) | 1 комплект | 2 жыл | Далысында ӨБЭА деген жазуусу менен |
5 | Жайкы ички көйнөк | 2 комплект | 2 жыл | Далысында ӨБЭА деген жазуусу менен |
6 | Майка | 2 даана | 2 жыл |
|
7 | Трусы (ич кийим) | 2 даана | 2 жыл |
|
8 | Байпак | 3 жуп | 1 жыл |
|
9 | Жылуу байпак | 1 жуп | 1 жыл |
|
10 | Көйнөк жана кальсон | 1 комплект | 2 жыл | Көйнөк жана кальсон 60 жаштан ашкан адамдарга берилет |
11 | Кышкы өтүк | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
12 | Туфли | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
13 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 2 жыл |
|
Медициналык мекемелерде дарыланып жаткан соттолгондорду кийим-кече менен жабдуунун № 6 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү/пайдалануу мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Бейтаптар үчүн костюм (костюм, шым) | 1 комплект | 2 жыл |
|
2 | Матрац | 1 даана | 3 жыл | Кебез же синтетикалык толтургуч |
3 | Жаздык | 1 даана | 4 жыл | Кебез же синтетикалык толтургуч |
4 | Жууркан | 1 даана | 3 жыл | Жүн же синтетикалык толтургуч |
5 | Шейшеп (астынкы) | 2 даана | 1 жыл |
|
6 | Шейшеп (үстүнкү) | 2 даана | 1 жыл |
|
7 | Жаздык кап | 2 даана | 1 жыл |
|
8 | Сүлгү | 2 даана | 1 жыл |
|
9 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 1 жыл |
|
Эскертүү: кургак учук, тери оорулары жана операциядан кийинки бейтаптарга 1 жылга 3 шейшеп берилет.
Түзөтүү мекемелеринин төрөт бөлүмдөрүн кийим-кече менен жабдуунун № 7 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү/ пайдалануу мөөнөтү |
1 | Аялдардын ич көйнөгү | 4 даана | 3 жыл |
2 | Бюстгальтер | 2 даана | 2 жыл |
3 | Жылуу халат | 1 даана | 5 жыл |
4 | Узун байпак | 2 жуп | 1 жыл |
5 | Шейшеп | 4 даана | 3 жыл |
6 | Сырткы жаздык кап | 6 даана | 3 жыл |
7 | Ички жаздык кап | 1 даана | 2 жыл |
8 | Сүлгү | 4 даана | 3 жыл |
9 | Ымыркайдын жука көйнөгү | 8 даана | 2 жыл |
10 | Балдардын шейшеби | 4 даана | 3 жыл |
11 | Балдардын жаздык кабы | 8 даана | 3 жыл |
12 | Төрөт бөлмөлөрү үчүн шейшеп | 2 даана | 3 жыл |
13 | Жарым-жартылай жүндөн капталган жууркан | 1 даана | 5 жыл |
14 | Момосуй жууркан | 1 даана | 5 жыл |
15 | Кебез жаздык | 2 даана | 5 жыл |
16 | Балдар матрацы | 1 даана | 5 жыл |
17 | Балдардын момосуй жуурканы | 1 даана | 3 жыл |
18 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 1 жыл |
Түзөтүү мекемелеринде кармалган төрөгөнгө чейинки өргүүдөгү кош бойлуу аялдарды, эмизгендерди, бала эмизген энелерди кийим-кече менен жабдуунун № 8 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү/пайдалануу мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Аялдардын ички көйнөгү | 3 даана | 1 жыл |
|
2 | Бюстгальтер | 3 даана | 2 жыл |
|
3 | Жылуу халат | 2 даана | 2 жыл |
|
4 | Жүн байпак | 2 жуп | 1 жыл |
|
5 | Шейшеп (астынкы) | 3 даана | 2 жыл |
|
6 | Сырткы жаздык кап | 3 даана | 2 жыл |
|
7 | Ички жаздык кап | 1 даана | 4 жыл |
|
8 | Шейшеп (үстүнкү) | 3 даана | 2 жыл |
|
9 | Жайкы жолук | 3 даана | 2 жыл |
|
10 | Сүлгү | 2 даана | 1 жыл |
|
11 | Мончо сүлгүсү | 1 даана | 1 жыл |
|
12 | Кебез матрац | 1 даана | 5 жыл |
|
13 | Кебез жаздык | 1 даана | 5 жыл |
|
14 | Жарым-жартылай жүндөн капталган жууркан | 1 даана | 5 жыл |
|
15 | Момосуй жууркан | 1 даана | 5 жыл |
|
16 | Фартук | 1 даана | 1 жыл |
|
17 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 1 жыл |
|
18 | Столго жапкан клеенка | 0,3 м | 1 жыл |
|
Эскертүү: эмизгендерге берилет.
Эне жана бала үйлөрүндөгү балдарды кийим, бут кийим жана жумшак буюмдар менен камсыз кылуунун № 9 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Өлчөө бирдиги | 1 жашка чейин | 2 жашка чейин | 2ден 3 жашка чейин | |||
Буюмдардын саны 1 койкага | Пайдалануу мөөнөтү, жыл | Буюмдардын саны 1 койкага | Пайдалануу мөөнөтү, жыл | Буюмдардын саны 1 койкага | Пайдалануу мөөнөтү, жыл | |||
Ич кийим жана сүлгү | ||||||||
1 | Ич кийим, майка, ымыркайдын жука көйнөгү | даана | 20 | 3 | 10 | 3 | 10 | 3 |
2 | Ички кофта, пижама, түнкү ич көйнөк | даана | 12 | 3 | 15 | 3 | 6 | 3 |
3 | Ползунка, трусы, трико (жылуу) | даана | 20 | 3 | 20 | 3 | 10 | 2 |
4 | Балдардын шейшеби | даана | 7 | 3 | 8 | 4 | 8 | 4 |
5 | Балдардын шейшеби (конверт) | даана | 8 | 3 | 8 | 4 | 5 | 4 |
6 | Сырткы жаздык кап | даана | 6 | 3 | 6 | 3 | 6 | 3 |
7 | Ички жаздык кап | даана | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Балдардын сүлгүсү | даана | 4 | 2 | 8 | 3 | 8 | 3 |
9 | Жоолукча, чепчик | даана | 6 | 3 | 6 | 3 | 6 | 3 |
Кийим жана бут кийим | ||||||||
1 | Жылуу костюм (көйнөк) | даана |
|
| 6 | 3 | 6 | 3 |
2 | Жайкы костюм (көйнөк) | даана |
|
| 8 | 3 | 8 | 3 |
3 | Фартук | даана |
|
| 3 | 2 | 3 | 2 |
4 | Байпак, узун байпак | жуп | 5 | 1 | 10 | 1 | 10 | 1 |
5 | Колготки | даана |
|
| 20 | 1 | 12 | 1 |
6 | Жүндөн (жарымы жүндөн) токулган свитер, жакет, кофта | даана | 2 | 3 | 2 | 4 | 2 | 4 |
7 | Күзгү-жазгы пальто | даана |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
8 | Кышкы пальто | даана |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
9 | Жайкы баш кийим (панама, кепка) | даана |
|
| 3 | 3 | 3 | 3 |
10 | Балдардын кышкы топусу | даана |
|
| 1 | 3 | 1 | 3 |
11 | Жүндөн токулган топу | даана | 1 | 2 | 1 | 2 | 2 | 2 |
12 | Моюн орогуч, кашне | даана |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
13 | Мээлей | жуп |
|
| 2 | 2 | 3 | 3 |
14 | Жүн байпак | жуп | 4 | 2 | 3 | 2 | 2 | 2 |
15 | Туфли | жуп |
|
| 2 | 1 | 2 | 0,5 |
16 | Ботинка | жуп | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
17 | Ботинка, жылуулатылган өтүк | жуп |
|
| 1 | 2 | 1 | 1 |
18 | Майрамдык жылуу костюм (көйнөк) | даана |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
19 | Майрамдык жайкы костюм (көйнөк) | даана |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
20 | Майрамдык бут кийим (чешка) | жуп |
|
|
|
| 1 | 1 |
Жууркан-төшөк жана башка материалдар | ||||||||
1 | Балдардын матрацы | даана | 2 | 4 | 2 | 4 | 2 | 4 |
2 | Балдардын жылуу кебез жуурканы | даана | 2 | 4 | 2 | 4 | 1 | 3 |
3 | Балдардын жарым-жартылай жүндөн капталган жуурканы | даана | 2 | 5 | 2 | 5 | 2 | 5 |
4 | Жаздык | даана | 2 | 4 | 2 | 4 | 2 | 4 |
5 | Идиш сүлгүсү | даана | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Кебез кездемеден салфетка | даана | 10 | 1 | 10 | 1 | 10 | 1 |
7 | Келүүчүлөр үчүн халат | даана | 1 | 3 | 1 | 3 | 1 | 3 |
Мекемелерден бошотулуучу соттолгондорду кийим-кече менен жабдуунун № 10 ченеми
Эркектер үчүн:
№ | Буюмдардын аталышы | Саны | Эскертүү |
1 | Кепка (жайкы баш кийим) | 1 даана | Кийим-кече сезонго жараша берилет |
2 | Кышкы топу | 1 даана | |
3 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
4 | Жемпер, свитер | 1 даана | |
5 | Шым | 1 даана | |
6 | Футболка | 1 даана | |
7 | Майка | 1 даана | |
8 | Трусы | 1 даана | |
9 | Кебез жиптен токулган байпак | 1 жуп | |
10 | Бут кийим | 1 жуп |
Кыз-келиндер үчүн:
№ | Буюмдардын аталышы | Саны | Эскертүү |
1 | Жарым-жартылай жүндөн токулган жоолук | 1 даана | Кийим кече буюмдары мезгилге жараша берилет |
2 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
3 | Көйнөк | 1 даана | |
4 | Кышкы топу | 1 даана | |
5 | Кыска пальто | 1 даана | |
6 | Ич көйнөк | 1 даана | |
7 | Бюстгальтер | 1 даана | |
8 | Панталон | 1 даана | |
9 | Узун байпак (колготки) | 1 даана | |
10 | Кебез жиптен токулган байпак | 1 даана | |
11 | Ички көйнөк | 1 даана | |
12 | Бут кийим | 1 жуп |
Мекемелерде кармалган соттолгондорду төшөнчү жана гигиеналык каражаттар менен жабдуунун № 11 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Пайдалануу мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Жууркан (кебез же синтетикалык толтургуч) | 1 даана | 3 жыл |
|
2 | Матрац (кебез же синтетикалык толтургуч) | 1 даана | 4 жыл | Тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө пайдалануу мөөнөтү 3 жыл |
3 | Жаздык (кебез же синтетикалык толтургуч) | 1 даана | 4 жыл | Тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө пайдалануу мөөнөтү 3 жыл |
4 | Шейшеп | 3 даана | 2 жыл |
|
5 | Сырткы жаздык кап | 2 даана | 2 жыл |
|
6 | Сүлгү | 2 даана | 1 жыл |
|
7 | Прокладкалар | - | - | зарылдыгына жараша |
8 | Жалаяк, памперс | - | - | зарылдыгына жараша |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонууга карата КӨРСӨТМӨЛӨР
Кийим-кече Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары - ЖАК) мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды камсыз кылуу үчүн дайындалат, камсыздоочу орган тарабынан табыштамалар боюнча даяр түрдө бөлүнүп берилет. Айрым учурларда мекемелердин өтүнүчтөрү боюнча кийим тигүүгө камсыздоочу орган кездеме бере алат. Кийимдерди тигүүдө тигүүчү ишканалар ал буюмдарга тиешелүү колдонуудагы стандарттарды (техникалык шарттарды) сактоого милдеттүү.
Кийим-кече буюмдарын кийип жүрүү мөөнөттөрү алар иш жүзүндө берилген учурдан баштап эсептелет. Кийим-кече мүлкүн кийинки берүү зарылдыгына жараша, бирок кийип жүрүү же колдонууда турган буюмдарды пайдалануу мөөнөттөрү аяктаган убакыттан эрте эмес жүргүзүлөт.
ЖАКтын мекемелериндеги соттолгондордун жана кармалган адамдардын арасынан кийими жана бут кийими пайдалануу мөөнөтүнөн мурда эскирген же буюмдары жоголгон адамдарга жаңы буюмдар мекеменин жетекчисинин буйрутмасы боюнча кызматтык териштирүүнүн материалдарынын жана жеке арыздарынын негизинде берилет.
ЖАКтын мекемелериндеги соттолгондор жана кармалган адамдар бир мекемеден башкага которулганда, алар кийип жүргөн кийими жана бут кийими менен кетет. Зарыл болгон учурда сезонго жараша кийип жүрүү мөөнөтүн эске алуу менен ченем боюнча уруксат берилген жабдуунун чегинде кийим-кече мүлкүнүн буюмдары берилет.
Тарбия абагынан түзөтүү мекемесине которулуп жаткан соттолгондор өздөрүнүн колдонуудагы буюмдарынын ичинен сезонго жараша кийим жана бут кийим комплекти менен камсыздалат. Андан ары жаза өтөөчү жерге келгенде соттолгондорго тиешелүү үлгүдөгү кийимдер берилет.
ЖАКтын мекемелеринен бошотулуучу, сезонго жараша зарыл болгон кийими, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаты жок адамдар ушул токтом менен белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик каражаттын эсебинен жарандык үлгүдөгү кийимдер менен камсыздалат.
Кийим-кече мүлкүнүн кийинкиге өтүүчү запасы жылдык чыгашанын 30% өлчөмүндө каралат.
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондордун жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын СЫПАТТАМАСЫ
1. Соттолгон эркектер үчүн:
1) кышкы баш кийим (шапка) кырбуудан, колпактан жана төбөдөн турат. Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) кара түстөгү жасалма аң териден жасалган. Колпак төрт кырдуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч каралжын боз түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат;
2) жайкы баш кийим (кепка) каралжын түстөгү кездемеден, сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, маңдайчадан, бир аз өйдө ийилген төрт бурчтуу формасы бар каптал жээгинен турат;
3) бир өңдүү каралжын түстөгү кездемеден тигилген, бир борттуу, өңүрү түз, жылуулатылып ичтелген, сыдырма тагылган кышкы күрмө. Жакасы кайырма;
4) костюм каралжын түстөгү бир өңдүү кездемеден тигилген күрмө жана шымдан турат. Күрма бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма. Шым белинен тигилген кур менен;
5) кайырма жакасы бар каралжын түстөгү бир өңдүү кездемеден тигилген топчулама көйнөк. Жеңдери манжет менен;
6) футболка каралжын же боз түстө, топчусу, жакасы, чөнтөгү жок, кыска жеңдүү, тулку бойду, колдун жарымын жана жамбаштын үстүн жабат, баштан кийилет.
2. Соттолгон аялдар үчүн:
1) каралжын түстөгү жүн жоолук;
2) бир өңдүү ачык түстөгү кездемеден жасалган жайкы жоолук;
3) бир өңдүү каралжын түстөгү кездемеден жасалган бир борттуу кышкы күрмө, өңүрү түз, жылуулатылып ичтелген, сыдырма тагылган. Жакасы кайырма;
4) каралжын түстөгү ичтелген күрмө, бир борттуу, топчулама. Жакасы кайырма;
5) көйнөк-костюм каралжын түстөгү кездемеден жакет, бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма жана денеге жарым-жартылай кыналган, каралжын түстөгү кездемеден сарафан;
6) кайырма жакасы бар бир түстүү сүрөттүү кездемеден көйнөк;
7) кайырма жакасы бар бир түстүү сүрөттүү кездемеден блуза, топчулама;
8) бир түстүү сүрөттүү кездемеден халат, бир борттуу, топчулама, жеңдери узун, жакасы кайырма.
3. Балдар үчүн:
1) кышкы баш кийим кырбуудан, колпактан жана төбөдөн турат. Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) жасалма аң териден жасалган. Колпак төрт кырдуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч бир өңдүү каралжын түстөгү ноотудан. Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат;
2) жайкы баш кийим (кепка) бир өңдүү каралжын түстөгү кездемеден турат, салттуу бейсбол формасындагы төбөсүндө топчусу бар, ийилген маңдайчасы бар тегерек жумшак кепка;
3) кышкы күрмө бир өңдүү же эки түстүү гаммадагы кездемеден, бир борттуу, өңүрү түз, жылуулатылып ичтелген, сыдырма тагылган, жакасы кайырма;
4) күрмө (күз-жаз) кыска, резина жакалуу, салттуу университет күрмөсү түрүндөгү топчулары кнопкадан, орточо жылуулатылып ичтелген;
5) костюм бир түстүү кездемеден күрмө жана шымдан турат. Күрме бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма. Шым белинен тигилген кур менен, топчулама;
6) көйнөк кайырма жакасы бар бир түстүү кездемеден, топчулама, жеңдери манжет менен.
Эскертүү:
Ич көйнөктөр жана шейшептер камсурп же агартылган кездемеден тигилген.
Чарчылуу сүлгүнүн даяр түрүндөгү узундугу боюнча өлчөмү - 97 см, кездеменин туурасы 40 см жана 50 см.
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринен бошотулуучу адамдардын кийим-кече буюмдарынын СЫПАТТАМАСЫ
1. Эркектер үчүн:
1) жайкы баш кийим (кепка) бир өңдүү каралжын түстөгү кездемеден турган салттуу бейсбол формасындагы төбөсүндө топчусу бар, ийилген маңдайчасы бар тегерек жумшак кепка;
2) каралжын түстө, токулган кышкы топу;
3) ичтелген, каралжын түстөгү, бир борттуу, сыдырма тагылган, жакасы кайырма кышкы күрмө;
4) токулган, каралжын түстөгү, жеңи узун, топчуламасы жок, жакалуу жемпер;
5) кайып тигилген кашаты менен, топчулама, каралжын түстөгү кебез кездемеден тигилген шым;
6) ачык түстө, топчусу, жакасы жана чөнтөгү жок, кыска же узун жеңдүү, тулку бойду, колдун жарымын, жамбаштын үстүн жапкан, баштан кийилген футболка;
7) майка ачык түстөгү трикотаж кебез кездемеден каптал жана ийин тигиштери бар түз формада тигилет. Жеңдин жана моюндун оюктары жээктелген;
8) кара же каралжын-боз түстөгү кебез кездемеден тигилген эркектердин трусысы эки алдынкы жана эки арткы бөлүктөн турат. Трусынын үстүнкү жээгине чоюлгуч тасма салынган;
9) каралжын түстөгү кебез жиптен токулган, формага келтирилген, иштелип чыккан латекс жибинен, согончогу токулган жана манжа тарабы тигилген бир борттуу байпак;
10) жасалма териден тигилген, сыдырмалуу, жасалма аң тери менен ичтелген, таманы резинадан, такасы жок, баш жагы тегерек формадагы бут кийим.
2. Аялдар үчүн:
1) каралжын түстөгү жүн жоолук;
2) ичтелген каралжын түстөгү, бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма кышкы күрмө;
3) бир түстүү сүрөттүү кездемеден тигилген, жакасы кайырма кейнөк;
4) ачык эмес түстөгү, токулган кышкы топу;
5) бир өңдүү каралжын түстөгү кездемеден тигилген бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма кыска пальто;
6) ич көйнөк;
7) бюстгальтер;
8) панталон;
9) узун байпак (колготки);
10) каралжын түстөгү кебез жиптен токулган, формага келтирилген, иштелип чыккан латекс жибинен, согончогу токулган жана манжа тарабы тигилген бир борттуу байпак;
11) ички көйнөк;
12) жасалма териден тигилген тогоосу чаптагыч, такасы жок, таманы полиуретандан, батеги текстилден, баш жагы тегерек формадагы бут кийим (туфли).
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелерин эмерек, инвентарь, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Түзөтүү мекемелеринин жатаканаларын эмерек, инвентарь, буюмдар менен камсыз кылуунун № 1 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Эки кабаттуу керебет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | Табурет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
5 | 10 орундуу стол | даана | 1 | 10 соттолгонго |
6 | 5 орундуу отургуч | даана | 1 | 5 соттолгонго |
7 | Дубал шкафы же буюмдарды сактоо үчүн текче | даана | 1 | 10 соттолгонго |
8 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | 5 соттолгонго |
9 | Тиричилик термометри | даана | 1 | секцияга |
10 | Дубалга илинүүчү саат | даана | 1 | секцияга |
11 | Карниз | даана | 1 | бир терезеге |
12 | Парда | даана | 1 | бир терезеге |
13 | Чака | даана | 1 | Секцияга |
14 | Шыпыргы | даана | 1 | Секцияга |
15 | Калак | даана | 1 | Секцияга |
16 | Стол үстүндө ойнолуучу оюндар | даана | 1 | Секцияга |
17 | Телевизор | даана | 1 | Секцияга |
18 | Ашкана бычагы | даана | 1 | 100 соттолгонго |
19 | Кайчы | даана | 1 | 100 соттолгонго |
20 | Дубалга илинүүчү күзгү | даана | 1 | секцияга |
Түзөтүү мекемелеринин камералык типтеги жайларын эмерек, инвентарь жана буюмдар менен камсыз кылуунун № 2 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Эки кабаттуу керебет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | 4 орундуу стол | даана | 1 | 4 соттолгонго |
5 | 2 орундуу отургуч | даана | 1 | 2 соттолгонго |
6 | Дубал шкафы же буюмдарды сактоо үчүн текче | даана | 1 | 1 камерага |
7 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | 1 камерага |
8 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | 1 камерага |
9 | Даарат кагазын кармагыч | даана | 1 | 1 камерага |
10 | Кумган | даана | 1 | 1 камерага |
Түзөтүү мекемелеринде кармоонун кадимки, жеңилдетилген шарттары үчүн жайларды эмерек, инвентарь жана буюмдар менен камсыз кылуунун № 3 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Эки кабаттуу керебет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | Табурет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
5 | 10 орундуу стол | даана | 1 | 10 соттолгонго |
6 | 5 орундуу отургуч | даана | 1 | 5 соттолгонго |
7 | Дубал шкафы же буюмдарды сактоо үчүн текче | даана | 1 | 1 камерага |
8 | 20 литрдик электртитан | даана | 1 | 50 соттолгонго |
9 | Телевизор | даана | 1 | эс алуу бөлмөсүнө |
10 | Тиричилик муздаткыч | даана | 1 | Ашканага |
11 | Микротолкундуу меш | даана | 1 | Ашканага |
12 | Диван | даана | 1 | 20 соттолгонго(*) |
13 | Журналдар үчүн стол | даана | 1 | 20 соттолгонго(*) |
14 | Жыгач отургуч | даана | 1 | 5 соттолгонго(***) |
15 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | 1 камерага(***) |
16 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | 1 камерага(**) |
17 | Даарат кагазын кармагыч | даана | 1 | 1 даарат ордуна |
18 | Кумган | даана | 1 | 1 даарат ордуна |
Эскертүү: Диван, жыгач отургуч жана журналдар үчүн стол камералык типтеги кадимки шарттар үчүн ТМде жабдылбайт(*).
Жайдын аянтына жараша эс алуу бөлмөсүндө кошумча орнотулат(**).
Жуунуучу бөлмөгө 1 даанадан кошумча орнотулат(***).
Мончо-кир жуучу комплекстерди жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 4 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Цинктелген илеген | даана | 1 | 10 соттолгонго |
2 | Баня үчүн чөмүч | даана | 1 | 10 соттолгонго |
3 | Кир жуугуч машина | даана | 2 | 50 соттолгонго(*) |
4 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | 1 соттолгонго 1 илгич |
5 | Отургуч | даана | 1 | 10 соттолгонго |
6 | Буюмдарды кабыл алуу жана таратуу үчүн стол | даана | 1 | Комплекске |
7 | Стеллаж | даана | 1 | Комплекске |
Эскертүү: кирди жүктөө массасы 20 килограмм болгон кир жуугуч машинанын эсебинен(*).
Узак убакыт жолугушуу бөлмөлөрүн эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 5 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 2 | Бөлмөгө |
2 | Эки кабаттуу балдар керебети | даана | 1 | Бөлмөгө |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | 4 орундуу тамактануу столу | даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Отургуч | даана | 4 | Бөлмөгө |
6 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | Бөлмөгө |
7 | Кийим үчүн шкаф | даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Электр чайнеги | даана | 1 | Ашканага |
9 | Биринчи тамак үчүн 5 литрдик мискей | даана | 1 | Ашканага |
10 | Сууну жылытуу үчүн бойлер | даана | 1 | Бөлмөгө |
11 | Экинчи тамак үчүн 3 литрдик мискей | даана | 1 | Ашканага |
12 | Биринчи, экинчи тамак үчүн тарелка/табак | даана | 4 | Бөлмөгө |
13 | Ашкана кашыгы | даана | 4 | Бөлмөгө |
14 | Бычак | даана | 1 | Ашканага |
15 | Карниз | даана | 1 | 1 терезеге |
16 | Парда | даана | 1 | 1 терезеге |
17 | Тиричилик электрплитасы | даана | 1 | Ашканага |
18 | Тамак-аш сактоо үчүн шкаф | даана | 1 | Ашканага |
19 | Тиричилик муздаткычы | даана | 1 | Ашканага |
20 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
Эскертүү: Жогорку ыңгайлуулуктагы узак убакыт жолугушуу бөлмөлөрү телевизор, аудио, видео техника жана жуунуучу кабина менен кошумча камсыздалат.
Кыска убакыт жолугушуу бөлмөлөрүн эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 6 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | 4 орундуу тамактануу столу | даана | 1 | (*) |
2 | Отургуч | даана | 4 | 1 столго |
3 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | Карниз | даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Парда | даана | 1 | 1 терезеге |
6 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
Эскертүү: жайдын аянтына жараша 4 столдон кем эмес(*).
Карантиндик жайларды эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 7 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Эки кабаттуу керебет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Табурет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | Тумбочка | даана | 1 | 2 соттолгонго |
5 | Сырт кийим илүү үчүн илгич | даана | 1 | 1 соттолгонго 1 илгич |
6 | Кийим үчүн шкаф | даана | 1 | 10 соттолгонго |
7 | Телевизор | даана | 1 | Жайга |
8 | Кружка | даана | 1 | 1 соттолгонго |
9 | Ашкана кашыгы | даана | 1 | 1 соттолгонго |
10 | Биринчи, экинчи тамак үчүн табактар | даана | 1 | 1 соттолгонго |
11 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
12 | 10 орундуу стол | даана | 1 | Жайга |
13 | 5 орундуу отургуч | даана | 2 | Жайга |
Айып изоляторлорунун жайларын эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 8 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир же эки кабаттуу ачылма керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Полго бекитилген стол | даана | 1 | 1 камерага |
3 | Полго бекитилген отургуч үчүн тумба | даана | 1 | 1 соттолгонго |
Медициналык-санитардык бөлүктү эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 9 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 оорулууга |
2 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 1 оорулууга |
3 | Медициналык кушетка | даана | 1 | 1 МСБкө |
4 | Даарылар үчүн шкаф | даана | 1 | Жайга |
5 | 10 орундуу стол | даана | 1 | Жайга |
6 | 5 орундуу отургуч | даана | 2 | Жайга |
7 | Табурет | даана | 1 | 1 оорулууга |
8 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | 4 оорулууга |
9 | Кружка | даана | 1 | 1 соттолгонго |
10 | Ашкана кашыгы | даана | 1 | 1 соттолгонго |
11 | Биринчи, экинчи тамак үчүн табактар | даана | 1 | 1 соттолгонго |
12 | Электрплитасы | даана | 1 | Ашканага |
13 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | 1 палатага |
14 | Карниз | даана | 1 | 1 терезеге |
15 | Парда | даана | 2 | 1 терезеге |
Дүкөндү жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 10 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Азык-түлүк товарлары үчүн стеллаждар |
|
| Товардын көлөмүнө жараша |
2 | Өнөр-жай товарлары үчүн стеллаждар |
|
| Товардын көлөмүнө жараша |
3 | Стол | даана | 1 | Жайга |
4 | Столго коюлуучу товардык тараза | даана | 1 | Жайга |
5 | Муздаткыч-витрина | даана | 1 | Жайга |
Китепкананы жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 11 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Жазуу столу | даана | 1 | Китепканага |
2 | Отургуч | даана | 1 | 5 соттолгонго |
3 | Китептер үчүн стеллаж | даана |
| Китептердин санына |
4 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 2 | Китепканага |
5 | Китептер | даана | 5 | 1 соттолгонго |
6 | Отургуч | даана | 2 | Китепканага |
7 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Китепканага |
Клубду жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 12 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Отургуч | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Экран | даана | 1 | Клубга |
3 | Киноаппарат | даана | 1 | Клубга |
4 | Көшөгө | даана | 1 | Клубга |
5 | Микрофон | даана | 1 | Клубга |
6 | Күчөткүч | даана | 1 | Клубга |
7 | Колонкалар | даана | 2 | Клубга |
8 | Трибуна | даана | 1 | Клубга |
Чач тарачты жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 13 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Күзгүсү бар чач-тарач столу |
| 1 | 1 чач кыркуучуга |
2 | Чач-тарач креслосу | даана | 1 | 1 чач кыркуучуга |
3 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | Чач-тарачка |
4 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Чач-тарачка |
5 | Чач кыркуучу машинка | даана | 1 | 1 чач кыркуучуга |
6 | Чач кыркуучу кайчы | даана | 1 | 1 чач кыркуучуга |
7 | Чач суюлтуучу кайчы | даана | 1 | 1 чач кыркуучуга |
Мектепти жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 14 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Мектеп доскасы | даана | 1 | Класска |
2 | Парта | даана | 20 | Класска |
3 | Китеп шкафы | даана | 1 | Класска |
4 | Жазуу столу | даана | 1 | Класска |
5 | Отургуч | даана | 1 | Класска |
6 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Класска |
7 | Карниз | даана | 1 | 1 терезеге |
8 | Парда | даана | 2 | 1 терезеге |
Тергөө изоляторлорундагы камераларды эмерек, инвентарь жана буюмдар менен камсыз кылуунун № 15 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Эки кабаттуу керебет | даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Тамак ичүү үчүн стол | даана | 1 | Полго бекитилген |
4 | Столдун узундугундай отургуч | даана | 2 | Полго бекитилген |
5 | Тамак-аш азыктарын сактоо үчүн дубал шкафы (жабык текче) | даана | 1 | Камерага |
6 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 2 адамга |
7 | Сырт кийим үчүн илгич | даана | 1 | Камерага |
8 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Камерага |
Эне жана бала үйүн жабдуулар жана инвентарь менен камсыз кылуунун № 16 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Балдар керебети | даана | 1 | 1 балага |
2 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | Соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 1 балага |
4 | Тамактануучу стол | даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Отургуч | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
6 | Дубалга илинүүчү илгич | даана | 1 | Соттолгонго |
7 | Кийим үчүн шкаф | даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Электр чайнеги | даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Тарелка | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
10 | Ашкана кашыгы | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
11 | Чай кашык | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
12 | Карниз | даана | 1 | Бөлмөгө |
13 | Парда | даана | 1 | Бөлмөгө |
14 | Дагара | даана | 1 | Бөлмөгө |
15 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
16 | Тиричилик муздаткычы | даана | 1 | Корпуска |
17 | Сууну жылытуу үчүн бойлер | даана | 1 | Корпуска |
18 | Түнкү горшок | даана | 1 | 1 балага |
Эскертүү: эне жана бала үйүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка тиричилик буюмдары жана техникалык каражаттар менен кошумча камсыздоого жол берилет.
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорго жана кармалган адамдарга самын жана жуучу каражаттарды берүүнүн МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондордун, ошондой эле кармалган адамдардын мончодо жуунуу жана санитардык-гигиеналык керектөөлөрү үчүн самын менен камсыз кылуунун № 1 ченеми
№ |
| Айына 1 адамга кир самын (грамм менен) | Эскертүү |
1 | Түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондор жана тергөө изоляторлорунда турган адамдар: |
|
|
эркектер | 200 |
| |
аялдар | 200 |
| |
2 | Түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун дарылоо мекемелеринде жана медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарылоодо болгон оорулуулар: |
|
|
эркектер | 200 |
| |
аялдар | 200 |
| |
3 | Тарбия абагында кармалган соттолгондор, анын ичинде стационардык дарылоодо болгон оорулуулар: |
|
|
эркектер | 200 |
| |
аялдар | 200 |
|
Эскертүү: эмгектин оор жана зыяндуу шарттары бар жумушта иштеген түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондорго жана тергөө изоляторлорунда турган адамдарга айына бир адамга салмагы 50 грамм кир самын кошумча берилет.
1 кг кургак кирди кол менен жууганда анын кирдегенине жараша синтетикалык порошокту, кир самынды чыгымдоонун № 2 ченеми
Синтетикалык кир жуучу порошокту жана кир самынды колдонуп кир жууганда
№ | Кир кийимдин түрү | Кир кийимдин булгануу деңгээли | Синтетикалык кир жуучу порошок (грамм менен) | Кир самын (грамм менен) |
1 | Ак | I | 36 | 24 |
II | 40 | 27 | ||
III | 48 | 32 | ||
IV | 60 | 40 | ||
2 | Түстүү | I | 27 | 24 |
II | 30 | 28 | ||
III | 36 | 33 | ||
IV | 45 | 42 |
Эскертүү:
Кир кийимдин булгануу деңгээли төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт:
I - жаңы жана мурун колдонулгандардын ичиндеги анча кир эмес кир кийимдер;
II - жешилбеген, тактары жок, орто кирдеген кир кийимдер;
III - тактары бар, жешилген жерлери бар, тиричилик булгануулары бар, өтө кирдеген кир кийимдер;
IV - тиричилик жана өндүрүштүк булгануулары бар өзгөчө кирдеген кир кийимдер.
Кебез жиптен тигилген кийимдерди жууганда түстүү кийимдер үчүн белгиленген ченемдер боюнча кир жуучу каражаттар берилет.
1 кг кургак кир кийимди колго жууганда 20 грамм кир самын берилет.
Кир кийимди жууганда синтетикалык кир жуучу порошок жок учурда кир самын берилет.