Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-июлу № 221/35-5
Токмок шаары, Кыргыз көчөсү номуру жок дарегинде жайгашкан, аянты 6200,0 чарчы метр жер тилкесинин зоналдык категориясын К-1 зонасынан Ц-2 зонасына которууга жана“Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 08-июлундагы №1-22/2224 катынын жана Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Кыргыз көчөсү номуру жок дарегинде жайгашкан, аянты 6200,0 чарчы метр жер тилкесинин зоналдык категориясын К-1 (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана чакан өндүрүш) зонасынан Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык борбордун аймагы) зонасына которулсун.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |