Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-июлу № 462-т
Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу чараларын күчөтүү жана мамлекеттик органдардын биргелешкен иштерин координациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет (мындан ары - ведомстволор аралык комитет) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комитетке зарылдыгына жараша белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүү, өз ишине министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
1) ведомстволор аралык комитеттин суроо-талабы боюнча жарандык авиациянын ишине тийиштүү зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берсин;
2) ведомстволор аралык комитеттин ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык комитеттин ишин уюштуруу жана башка камсыз кылуу жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 106-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 154-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитеттин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жарандык авиация маселелерин тейлөөчү орун басары, ведомстволор аралык комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комитеттин катчысы.
Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.