Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышы
2024-жылдын 28-июнундагы №28
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана
ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага .И.Алмабеков