Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 437
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык мөөнөткө жеке максаттары менен Кыргыз Республикасынын аймагына келген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандарын каттоо келген максатына жараша Кыргыз Республикасында болуу укугун берген документтин негизинде жүргүзүлөт.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык 1 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Жашаган жери өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үч жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга же "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүчү мөөнөттөрдөн кийин кайрылса же болбосо каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында ички иштер органдары тарабынан жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматтын негизинде каттоону жүргүзөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгүндө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктунун 9-пунктчасынын ченемдерин кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-августундагы № 59 (3613) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |