Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук мекеменин Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатка арыздарды кабыл алууну уюштуруу, тариздөө, берүү жана жокко чыгаруу боюнча ишинин тартибин бекитүү максатында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык иштелип чыкты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) арыз - адамдын кандайдыр бир аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнүчүн камтуучу, электрондук түрдө таризделүүчү кайрылуу;
2) иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу негиздерде кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок болуп саналган адам;
3) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигине далили бар адам;
4) аймактык бөлүм - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекеменин жашап турууга уруксаттарды кабыл алууну, тариздөөнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүмдөрү;
5) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи;
6) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
7) ведомстволук мекеме - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу ведомстволук мекемеси;
8) факсимилдик кол тамга (факсимиле) - ден соолугунун абалына байланыштуу (көрүүсүнүн начарлашы, колу-бутунун жоктугу, кыймылдын координациясынын бузулушу, шал оорусу) өз алдынча өзүнүн кол тамгасын коюу мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өзүнүн кол тамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише);
9) Кыргыз Республикасында тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоого уруксаттарды берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык системасы түшүнүлөт;
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун 6-п. ылайык берилген пункттун 9-пунктчасынын жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
10) QR-код - ал байланган объект жөнүндө маалыматты камтыган машинада окулуучу оптикалык белги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Арыздарды кабыл алуу жана тариздөө, документтерди макулдашуу, жашап турууга уруксаттарды берүү жана сактоо ТМЭБС аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга электрондук түрдө берилет, алар кийин кагазга басып чыгаруу мүмкүндүгү менен QR-кодду камтыйт.
Жашап турууга уруксаттын, ошондой эле анкета-арыздардын формасы, сыпаттамасы, үлгүлөрү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
4. Жашап турууга уруксаттар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) убактылуу жашап турууга уруксат - кийин жыл сайын, бирок беш жылдан ашык эмес мөөнөткө узартуу менен бир жылдык мөөнөткө берилет;
2) туруктуу жашап турууга уруксат - беш жылдык мөөнөткө, бирок чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүнөн ашык эмес, 45 жашка толгондо - чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бүткүл колдонуу мөөнөтүнө берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негиздерде 6 айдан кем эмес жашаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам белгиленген формадагы убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттары менен 60 календардык күндөн ашык болууга ниеттенген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүү тартиби менен аймактык бөлүмгө убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.
6. Убактылуу жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн;
2) окуу жайда окуу үчүн - окуу жайдын жана билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негиздерде беш жылдан кем эмес туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аймактык бөлүмгө туруктуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир жылдын ичинде үч айдан ашык эмес убакытка чыкса, жашоо мөөнөтү туруктуу деп эсептелет.
Иммигрант статусун алууда артыкчылык укугунан пайдаланган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай жүргөндөн кийин туруктуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
8. Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө анкета-арыз аракетке жөндөмдүү чет өлкөлүк жаран же 18 жашка толгон жарандыгы жок адам тарабынан берилет.
9. Жашап турууга уруксат жетим калган чет өлкөлүк жаранга же болбосо, эгерде ал мамлекеттин толук камкордугунда болсо, анын жаш курагына карабастан берилиши мүмкүн.
10. Эгерде арыз ээси өзү жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жашап турууга уруксат алууга ниет кылса, бул жөнүндө арызда көрсөтүлөт. Арыз ээсинин 18 жашка толгон үй-бүлө мүчөлөрү арызды өзүнүн атынан өз алдынча берет.
11. Арыз берүүдө арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жашоого ниет кылган бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу жана ушул Жободо белгиленген талаптарды сактоосу зарыл.
12. Чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер, жашап турууга уруксатты алуу үчүн берилүүчү алардын көчүрмөлөрү эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
13. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Котормонун тууралыгы жана котормочунун кол тамгасынын аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
14. Эгерде арыз берген күнгө карата ким экендигин жана жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин колдонуу мөөнөтү 6 айдан аз болсо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксат алууга документтери кароого кабыл алынбайт.
15. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксаттын түрлөрү боюнча материалдарды кароонун жалпы мөөнөтү төмөнкү мөөнөттөн ашпоого тийиш:
- 30 жумуш күн - убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча;
- 15 жумуш күн - ушул Жобонун 5-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар үчүн убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттар боюнча 60 календардык күндөн ашык жүрүү ниети менен кайрылган учурда;
- 60 жумуш күн - туруктуу жашап турууга уруксаттар боюнча (Кыргыз Республикасында иммигрант статусун берүү мөөнөтүн кошпогондо).
16. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат берилген же узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
17. Колдонуу мөөнөтү жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн чегинде аяктаган ким экендигин ырастоочу документтери бар чет өлкөлүк жарандар өзүнүн жарандык таандыктыгы боюнча мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдарында ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин колдонуу мөөнөтүн өз убагында узартууга (жаңысын тариздөөгө) милдеттүү.
18. Идентификациялык жеке номердин болушу жашап турууга уруксат берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
19. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын идентификациялык жеке номери жок болгон учурда аймактык бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирилген (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялык жеке номер ыйгарылат.
20. Арыз ТМЭБСте катталган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
21.Берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан 4 нускада акт түзүлөт (биринчи нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы түзүлгөн жерде калат, үчүнчү жана төртүнчү нускалары улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт).
22. Ондоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген адамдардын арызын тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет.
23. Жашаган жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда жашап турууга уруксат алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жаңы жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга милдеттүү.
2-глава. Жашап турууга уруксатты тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
24. Ушул Жобонун 5-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар үчүн убактылуу жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү үчүн зарыл болгон аймактык бөлүмдөргө берилүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттар боюнча 60 календардык күндөн ашык жүрүү ниети менен кайрылган учурда:
1) ТМЭБС аркылуу аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулуучу арыз;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жашап турууга уруксатты кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастоочу квитанция;
3) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
4) алардын болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайы бар экендигин же турак жайдын менчик ээсинин турак жайды жашоо үчүн берүүгө макулдугун жана арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумун камсыз кылуучу легалдуу киреше булагын ырастоочу документтер.
25. Убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарды тариздөө жана берүү үчүн зарыл болгон аймактык бөлүмгө берилүүчү документтердин тизмеги:
1) ТМЭБС аркылуу аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулуучу арыз;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жашап турууга уруксатты кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастоочу квитанция;
3) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
4) туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ага теңештирилген документ;
5) никелешүү тууралуу күбөлүк (эгерде никеде турса);
6) туруктуу жашоосун (визасын, каттоосун) жана арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумун камсыз кылуучу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бири: эмгек китепчеси, активдери, банктагы эсептери же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчулугу, акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б. - ТМЭБСте маалымат жок болгон учурда;
7) ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат ("СПИД" борборунан, наркологиялык, психоневрологиялык диспансерлерден маалымкат);
8) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
9) адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билүүсүн ырастоочу документ;
10) алардын болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайы бар экендигин же турак жайдын менчик ээсинин турак жайды жашоо үчүн берүүгө макулдугун ырастоочу документ.
26. Бул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр дагы берилет:
1) инвестициялык иш жүргүзгөн учурда (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо):
- 10000000 (он миллион) сомдон жогору суммага инвестициялык макулдашуу (инвестициялык макулдашуу түзүлгөн учурда);
- инвестициялык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестордун статусуна шайкеш келүүсү жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун 6 айдан кем эмес мөөнөтү жөнүндө ушул мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон ырастоосу;
2) эмгек ишмердигин жүргүзгөн учурда - иш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн, салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
3) окуган учурда - окуу жайы менен түзүлгөн контракт жана окуган жеринен маалымкат;
4) "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-статьясында каралган негиздер болгон учурда - бул негиздерди ырастоочу документтер.
3-глава. Документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө жана жашап турууга уруксатты берүү
27. Жашап турууга уруксат алуу үчүн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам аймактык бөлүмгө кайрылат.
28. Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз чет өлкөлүк жарандын же 18 жашка толгон жарандыгы жок адамдын жеке өзү тарабынан берилет.
29. Арызды кароого кабыл алууда аны менен чогуу берилген бардык зарыл документтердин бар экендиги, алардын туура таризделгендиги жана жашап турууга уруксат алуунун конкреттүү негиздерге шайкештиги текшерилет.
30. Арыз берген учурда адамга ал ТМЭБСте катталган катар номери ыйгарылат.
31. Убактылуу жашап турууга уруксат алуу үчүн таризделген арыздар ТМЭБС аркылуу ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген органдын эсепке алуусу боюнча текшерилүүгө тийиш.
Текшерүү мөөнөтү төмөнкүдөй:
- ушул Жобонун 5-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар үчүн убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттар менен Кыргыз Республикасынын аймагында 60 календардык күндөн ашык жүрүү ниети менен кайрылган учурда - 5 жумуш күн;
- убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча - 10 жумуш күн.
32. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ички иштер органдары ТМЭБСке убактылуу жашап турууга уруксаттарды берүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты берет.
33. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча ведомстволук мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык арыз ээсине убактылуу жашап турууга уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Туруктуу жашап турууга уруксат алууга таризделген арыздар сканерленген документтер менен чогуу ТМЭБС аркылуу бир эле убакта улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ички иштер органдарына макулдашууга жөнөтүлөт. Макулдашуудан кийин арыз ээлеринин материалдары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга иммигрант статусун берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн кагаз жүзүндө жөнөтүлөт.
Кароо мөөнөтү төмөнкүдөй:
- улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ички иштер органдары үчүн - 30 күн;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган үчүн - 9 айга чейин.
35. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдары ТМЭБСке туруктуу жашап турууга уруксат берүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты берет.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иммигрант статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү караган учурда ведомстволук мекемеге кагаз жүзүндөгү материалдар менен чогуу кабарлоо жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Иммигрант статусун берүү жөнүндө оң чечим келип түшкөн учурда ведомстволук мекеме арыз ээсине туруктуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Иммигрант статусун берүүдөн баш тартылган учурда туруктуу жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Чечим кабыл алуу жол-жобосу ведомстволук бөлүм тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Арыз ээси берилген документтердин жана арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин, ошондой эле ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
38. Аймактык бөлүмдүн кызматкери документтерди кабыл алууда:
1) ТМЭБС аркылуу жашап турууга уруксат алуу үчүн анкета-арызды толтурат;
2) ТМЭБСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлейт;
3) өтүнүчтү кароо мезгилинде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрөт;
4) арыз ээсинен киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактайт;
5) арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартат.
Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, арызга арыз ээси өзүнүн электрондук кол тамгасын алуу үчүн түзүлүш аркылуу өзүнүн кол тамгасын коет.
Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өзүнүн кол тамгасынын ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн (үчүнчү жактын) кол тамгасы коюлат.
Эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өзүнүн дене боюнун кемчиликтеринен улам өзүнүн кол тамгасын коюуга мүмкүнчүлүктөрү жок болсо, ал факсимилдик кол тамганы пайдалана алат, анын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт;
39. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсине документтердин кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берет.
40. Жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кабыл алынат.
41. Ведомстволук мекеме жашап турууга уруксат алуу үчүн арызды кароонун жыйынтыгы боюнча бул тууралуу 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсинин электрондук почтасынын дарегине маалымдайт, ал эми электрондук дареги жок болгон учурда маалымат анкета-арызда көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт.
Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берүүдө анын укуктук статусу, жокко чыгаруунун негиздери, аймактык бөлүмдөргө жыл сайын каттоого туруу милдеттери, ошондой эле жашаган жери өзгөргөн учурда өз убагында узартуу жана кайра каттоого туруу түшүндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жашап турууга уруксатты тариздөөдөн баш тартылган учурда төлөнгөн каражаттар арыз ээсине кайтарылып берилбейт.
43. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран берген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн документтерди кабыл алган жана анкета-арызды тариздеген аймактык бөлүмдүн кызматкери кылмыш-жаза жана тартип жоопкерчилигин тартат.
4-глава. Жашап турууга уруксатты алмаштыруунун жана колдонуу мөөнөтүн узартуунун тартиби
44. Жашап турууга уруксатты алмаштыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүдө;
2) туулган жылын өзгөртүүдө;
3) жазууларда так эместиктер аныкталганда;
4) жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
5) колдонуу үчүн жараксыз болуп калганда;
6) жоголгондо.
45. Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксаттын мөөнөтү бүткөнгө чейин бир ай мурун төмөнкү документтерди берүү менен аймактык бөлүмгө кайрылууга тийиш:
1) ТМЭБС аркылуу аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан таризделген арызды;
2) жашап турууга уруксатты;
3) чет өлкөлүк жарандар үчүн чет мамлекеттин жарактуу паспортун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн;
4) арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумун камсыз кылуучу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бири: эмгек китепчеси, активдери, банктагы эсептери же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчулугу, акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б. - ТМЭБСте маалымат жок болгон учурда;
5) жашап турууга уруксаты жоголгон учурда ички иштер органынан маалымкат берилет;
6) тийиштүү төлөмдөрдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
46. Фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын өзгөртүүгө байланыштуу жашап турууга уруксаты алмашкан учурда бул жагдайларды ырастоочу документтер берилет.
47. Ведомстволук мекеме же аймактык бөлүм арыз ээси кайрылган учурларда жашап турууга уруксатты электрондук почтасына кайрадан жөнөтө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Жашап турууга уруксаттар төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
1) чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынан башка мамлекетке туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
2) чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда же өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыкканда;
3) жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
4) жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
5) жашап турууга уруксат жокко чыгарылганда;
6) жашап турууга уруксаттын ээси каза болгондугуна же соттун чечими менен өлдү деп таанылгандыгына байланыштуу.
Жашап турууга уруксатты жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтар ТМЭБСке киргизилет.
49. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
50. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жашап турууга уруксатты кылдаттык менен сактоого милдеттүү.
51. Туруктуу жашап турууга уруксатты узартуу жана алмаштыруу мөөнөтү 1 жылдан ашык бузулган учурда, ошондой эле жарандыгы же жеке маалыматтары өзгөргөн учурларда арыз ээси кайрадан иммигрант статусун алуу жол-жоболорунан өтөт.
5-глава. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу
52. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясында каралган негиздер боюнча кабыл алынат.
53. Улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тескеген органдардан, сот, салык жана башка кызыкдар органдардан келип түшкөн туруктуу жашап турууга уруксатты жокко чыгарууга материалдар жалпыланат жана ведомстволук мекеме тарабынан ТМЭБС аркылуу иммигрант статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга 3 жумуш күндүн ичинде кабарлоо жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Убактылуу жашап турууга уруксатты жокко чыгарууга материалдар (жашап турууга убактылуу уруксат) ведомстволук мекеме тарабынан каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү корутунду чыгарылат, ал ведомстволук мекеменин жетекчиси (ал жок болгон учурларда жетекчинин орун басары) тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга ведомстволук мекеме тарабынан үч жумуш күндүн ичинде жашап турууга уруксатты аймактык бөлүмгө же ведомстволук мекемеге тапшыруунун зарылдыгы тууралуу кабарлоо жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим жана чечим кабыл алуу үчүн негиз болгон башка материалдар ТМЭБСтеги арызга тиркелет.