Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 02-августундагы №32
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин
жана стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 8-пунктуна ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөгү кошумча тизмеги бекитилсин:
| Административдик кошумча кызматтар |
1 | Паспорт жок болгон учурда жашагандыгын аныктоочу корутунду берүү жана аларды идентификациялоо актысын жазып берүү |
2 | Каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө берилүүчү акчалай жардамды алууга маалымдама жазып берүү |
3 | Туруктуу жашагандыгын аныктоочу маалымдаманы талап кылуучу сот жана ИИО жазып берүү |
4 | Айыл өкмөтүнүн жана аткаруу комитетинин мурдагы кабыл алынган чечимдерине, токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы токтомдорду даярдап берүү кызматы |
| Билим берүү, жаштар саясаты тармагында жана социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү кошумча кызматтар |
5 | Билим берүү мекемелеринин сунушунун негизинде республикалык денгээлдеги билим берүү олимпиадаларга айылдын мектеп окучууларынын катышуусуна жана машыктыруучулардын сунушунун негизинде облустук, республикалык, эл аралык спорттук мелдештерге айылдын курама командаларынын жана спорт тармагындагы ветерандарынын катышуусуна командировкалык чыгымдарын каржылоо |
6 | Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында эмгек жолун жаны баштаган жаш кадрларды колдоо |
7 | Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс алуу учурунда күндүзгү кызматты уюштуруу |
8 | Аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөөдөгү балдарга, өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектөө шарты менен жайкы эс алуу лагерине жолдомо менен камсыздоо |
9 | Ооган, ЧАЭС, Баткен, 9-май, балдарды коргоо, майыптар, карылар, энелер күндөрүн жана башка даталуу күндөрдү белгилөө, материалдык жана баалуу сыйлыктар менен сыйлоо |
10 | Соц.паспорттун негизинде катталган аз камсыз үй-бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү |
11 | Социалдык жактан муктаж жарандарды убактылуу жайларга жайгаштыруу |
12 | Социалдык жактан муктаж болгон жарандарга материалдык жардам көрсөтүү |
13 | Жалгыз бой кары адамдарды, томолой жетим балдарды жана аз камсыз болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү кышкы мезгилге отун менен камсыз кылуу |
14 | Айыл аймактагы китепкана мекемелеринин калкка кызмат көрсөтүүсү |
15 | Айыл аймактагы маданий-эс алуу(клуб) мекемелеринин калкка кызмат көрсөтүүсү |
| Муниципалдык мүлктү башкаруу жана жер мамилелери чөйрөсүндөгү кошумча кызматтар |
16 | Мунициалдык мүлктүн реестринен көчүрмө берүү |
17 | Айыл аймактын чегинде каралбай калган объектилерди муниципалдык менчикке акысыз кабыл алууда чечимдерди чыгаруу |
18 | Муниципалдык объектилерди жараксыз, авариялык жана бузуп алуу жөнүндө чечимдерди чыгаруу |
19 | Жарнамалык конструкцияларды орнотууга жана жайгаштырууга уруксаат берүү кызматы |
20 | Муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу кызматы |
21 | Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу кызматы |
22 | Жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү кызматы |
23 | Тиешелүү аймактын кадастрдык планына же кадастрдык картасында жайгашкан жер участогунун, жер үлүшүнүн схемаларын бекитүү жана берүү |
24 | Жеке менчиктеги турак жайдын жер тилкесине менчик укугун таануу боюнча иш кагаздары жок болгон учурда жер тилкесинин аянтын белгилеп, бекитип берүү кызматы |
25 | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө менен шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу кызматы |
26 | Бак-дарактарды кыюуга уруксаат кагаздарын даярдап берүү кызматы |
2.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин, тиркелет.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
Төрага А.И.Алмабеков