Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 368
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутууну ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;
- социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердигин алынган сумманын 50%ына чейинки өлчөмүндө өтүнмөнүн негизинде каржылоого.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |