Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 05-августундагы №52
Кайырма-Арык айылындагы “Алтын Булак” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин карамагындагы ичүүчү суу тарамдарын муниципалдык менчикке алууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 13.3-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңешти
токтом кылат:
1. Кайырма-Арык айылындагы “Алтын Булак” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) карамагындагы ичүүчү суу тарамдарын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков