Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 05-августундагы №54
Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жеке турак үйлөрдүн
жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелерине
тактоо иштерин жүргүзүү менен жер тилкенин аянтын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодесинин 18-берененин 3-пунктуна, 115-берененин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун 5-пунктуна ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелерине тактоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкенин аянты 0,10 га (1000 кв.м) деп бекитилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага А.И.Алмабеков