Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 05-августундагы №58
Теплоключенка айылынын кире беришине курулуп жаткан
комплекске “Манасчылар ордосу” деген аталышты
ыйгаруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айылынын кире беришине курулуп жаткан комплекске “Манасчылар ордосу” деген аталыш ыйгарылсын.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага А.И.Алмабеков