Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 06-августундагы №60
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же
ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков