Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-августундагы №62
Кыдыр Аке айыл аймагынын Эңилчек айылындагы
Эңилчек башталгыч мектебин негизги жалпы билим берүү мектебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамына ылайык, алыскы чек арада жайгашкан Энилчек айылында балдарга билим берүү максатында, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Эңилчек айылындагы Эңилчек башталгыч мектебин негизги жалпы билим берүү мектебине которууга макулдук берилсин.
2. Эңилчек негизги жалпы билим берүү мектеби юридикалык жак катары юстиция органында кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Энилчек мектебинин директору З.Акидеевага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбавге жүктөлсүн.
Эскертүү: Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага А.И.Алмабеков