Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-августундагы №63
Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Кереге-Таш айылында
“Асман” мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамына ылайык, Кереге-Таш айылында мектепке чейинки балдарга билим берүү максатында, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Кереге-Таш айылында “Асман” мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берилсин.
2. “Асман” мектепке чейинки билим берүү уюму юридикалык жак катары юстиция органында кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы “Асман” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору А.Орозобековага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Эскертүү: Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага А.И.Алмабеков