Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-августундагы №64
Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Теплоключенка айылында Өмүрбек Ишенбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамына ылайык, Теплоключенка айылында мектепке чейинки балдарга билим берүү максатында, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Теплоключенка айылында Өмүрбек Ишенбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берилсин.
2. Өмүрбек Ишенбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму юридикалык жак катары юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорунун милдетин аткаруучу А.Урдалетовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Эскертүү: Юридикалык жакты каттоо жөнүндө уюштуруучунун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле, мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага А.И.Алмабеков