Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 05
Бостон айылынын тургуну Тохтабаев Валижан Адиловичтин арызы жөнүндө
В.Тохтабаев арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 2147,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2003-жылдын 15-апрелде №5-02-05-1001-0048 реестри менен катталып, серия Ч №0017718 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы Бостон айылындагы калхоздун тамеки кургатуучу навес талаа шыйпанынын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тохтабаев Валижан Адиловичтин арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 2147,0 м2 мурдагы Бостон айылында жайгашкан калхоздун тамеки кургатуучу навес талаа шыйпанынын жер тилкеси, турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |