Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 06
Интернационал айылынын тургуну Бекмурзаева Нурихон Андаполатовнанын арызы жөнүндө
Н.Бекмурзаева арыз менен кайрылып, өзүнүн атына чыккан Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-мартында №26-2 сандуу токтомунда 500,0 чарчы метр жер тилкеси турак-жай болуп чыккан, бирок токтомдо көрсөтүлгөн жер тилкеси Араван райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башкы планында соода дүкөнүнүн жер тилкеси болуп көрсөтүлүп калган. Аталган жер тилкеси башкы планда коммерциялык багытында болгондуктан, 2001-жылдын 12-мартында №26-2 токтомдун негизинде турак-жай багытындагы жер тилкеси деп башкы планга өзгөртүү киргизип берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмурзаева Нурихон Андаполатовнанын арызы канааттандырылып, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-мартында №26-2 сандуу токтомунун негизинде 500,0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкеси Араван райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башкы планында соода дүкөнүнүн жер тилкеси болуп көрсөтүлүп калгандыгынан, башкы планга турак-жай багытындагы жер тилкеси деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |