Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 08
Интернационал айылына таза ичимдик суусун (скважина) куруу жөнүндө
Интернационал айылына таза ичимдик суусун (скважина) куруу максатында айыл өкмөтүнүн 16.06.2022-жылда №14 сандуу муниципалдык баланска алуу боюнча токтомунун негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын 28.06.2022-жылдагы №502-2022-14568 сандуу корунудусу алынган. Бирок бул жер №907-контурдагы жалпы аянты 4,0га анын ичинен 188,4 чарчы метр жер тилкеси сугат айдоо жери болуп тургандыктан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалы аталган жер тилкесине мамлекеттик акты бере албастыгын билдирди.Бирок айыл аймагына инвесторлор аркылуу таза ичимдик суусун чыгарып айыл тургундарын таза ичимдик суусу менен камсыздоо максатында таза ичимдик суусун(скважина) курууга уруксат берүү боюнча А.Арзиев айылдык кеңештин депутаттарына түшүндүрмө айтып жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылына таза ичимдик суусун (скважина) курууга уруксат берилсин.
2. Интернационал айылына 188,4 чарчы метр жер тилкесине “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын корутундусунун негизинде таза ичимдик суусун (скважина) куруп иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |