Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 09
Тепе-Коргон айылынын тургуну Саламова Зарифахон Абдурашидовнанын арызы жөнүндө
З.Саламова арыз менен кайрылып, өзүнүн атына 16.11.2021-жылы 575,0 чарчы метр жер тилкесин сатып алган, ошол турак үйдү сатуу жана сатып алуу жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн Идентификациялык коду №5-02-05-1001-0506 сандуу турак-жай жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын чайкана багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламова Зарифахон Абдурашидовнанын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү болгон 575,0 чарчы метр жер тилкеси Араван райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башкы планында жана ошондой эле “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын каттоо системасында турак-жай жер тилкесин, чайкана багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |