Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 07-01
Кыргыз Республикасы Президенти Садыр Жапаровдун “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жыл 15-августтагы №248 “Элдик курултай чакыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ошол жарлык негизинде айыл өкмөттөрдө айылдык кеңеш депутаттарынын токтому менен каттоодон өткөн сегиз айыл ичинен 11 кишиге чейин коимиссия түзүп берүүнү суранган.
Айылдык кеңешинин төрагасы А.Арзиев жогоруда айтылган маселени айылдык кеңеш депутаттарына угузуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жыл 15-августтагы №248 “Элдик курултай чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн айылдарын комиссия мүчөлөрү шайлансын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Элдик курултай чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу масатында Курултайга катышууга делегат көрсөтүү боюнча 8 айылдан 11 кишиден турган айылдык кеңеш депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн комиссия курамы.
Тепе-Коргон айылдык
кеңешинин төрагасы: А.Арзиев