Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 09
Тепе-Коргон айылынын тургуну Мирзакаримов Абиджандын арызы жөнүндө
Мирзакаримов Абиджан арыз менен кайрылып, өзүнүн менчигиндеги малкеттик акттысы Серия №0017742 (06.05.2003-жыл иден:№5020510010046) 1900,0 чарчы метр жер тилкеси талаа шыйпан жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирзакаримов Абиджандын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү болгон 1900,0 чарчы метр талаа шыйпан жер тилкесин турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |