Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 10
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын
18-январындагы “Кыргыз Республикасынын
Салык кодесин колдонууга киргизүү
жөнүндөгү” №4-мыйзамынын 3-беренесинин
2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин
аймагына (1-2-4-топтогу мүлк салыгы) мүлк
салыктарын киритүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасыны Салык кодесин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №4-мыйзамынын 3-беренесин
2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин аймагына (1-2-4-топтогу мүлк салыгы) мүлк салыктарын киритүү боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 16-декабрындагы №023/22/01-4/7989-сандуу билдирүүсүн эске алып, айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасыны Салык кодесин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №4-мыйзамынын 3-беренесин 2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин аймагына (1-2-4-топтогу мүлк салыгы) мүлк салыгы киритилсин.
2. Айылдык Кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууга ар бир кожолуктун 100(жүз) сомдон жана ишкана мекемелерден (менчик ишеканаларда иштеген ар бир киши башына) 100 сомдон жыйын алынуусу белгиленсин
3. Айылдык Кеңештин аймагындагы айыл өкмөтүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар кожолук башчылары тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгуу үчүн алынуучу жыйындан бошотулсун.
4. Айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардагы мекеме ишканалардын тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууда алынуучу салыктары айыл өкмөтүнүн эсебине толук түшүүсүн жана аны мыйзамда белгиленген тартипте максаттуу иштетилишин камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кеңешинин экономика бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы Г.Эрматовко жүктөлсүн.
Төрага |
|
| А. Арзиев |