Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2024-жылдын 11-март  №11/92

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Он-Арча насостук станциясынын ордуна  өзү агып келүүчү канал курууга  макулдук  берүү жөнүндө

 

1.  Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 мыйзамынын 2-пунктуна  ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:

 

2.  Нарын райондук суу чарба башкармалыгына Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу  Эчки-Башы айылындагы №219,№223, №274, №276, №279, №280, №283, №286, №303, №304, №651, №652, №657, №658,№663, №664, №680, №975, №976, №977, №1018, №1021, №1034, №1036, №1037,№1522-контурларындагы жалпы 10,8га жер аянты “Он-Арча насостук станциясынын ордуна өзү агып келүүчү каналды куруу жана мындан ары күтүү үчүн пайдаланууга макулдук берилсин.

 

3.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп, https://min-bulak.gov.kg/веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын   айылдык кеӊешинин  катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

          4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтү Б.Кошалиевге милдеттендирилсин..

 

 

 

Тѳрага

А. Жамангулов