Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
биринчи абзац "мүлктүк комплекстер" деген сөздөрдөн кийин "ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган учурду кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (анын ведомстволук уюмдарына) жана башка мамлекеттик органдарга (алардын ведомстволук уюмдарына) чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мүлктүн баланс кармоочусу менен макулдашылган кайрылуусунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мурдагы келишимдин шарттары аткарылганда андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен жеке нотариустарга жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарында 15 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |