ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 08
Тепе-Коргон жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин башкы эсепчиси А.Халиловдин маалыматы жөнүндө
Тепе-Коргон жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин башкы эсепчиси А.Халиловдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Тепе-Коргон жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылда аткарган иштери жана кызматтары канааттандырылып, кирешелер жана чыгашалар бюджеттик сметасы бекитилсин.
- Жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга жалпы бюджети 380,000 сомго бекитилсин.
- Тепе-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жайыттан пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга жарактуу деп өткөрүп берилген 2209 гектар жайыт жер бекитип берилсин жана бекитип берилген жайыт жерлерин туура пайдалануу, жайыт мыйзамдарына негиздүү иштерди жүргүзүү ЖПБнын төрагасы А.Арзиевге тапшырылсын.
- Тепе-Коргон айыл аймагынын убактылуу пайдаланууга жарактуу деп берилген 2209 гектар жайыт жерине Араван райондук салык комитетине отчетун берип, салык мыйзамдарына ылайык, төлөмдөрүн өз убагында аткаруу жайыт комитетинин эсепчиси А.Халиловге милдеттендирилсин.
- 2023-жылга жайыт пайдалануучулар төмөндөгүдөй акы төлөө уюштурулсун (ар бир мал башына)
- Ири мүйүздүү мал - 250 сом
- Торпокторго - 175 сом
- Жылкы-эшектерге - 250 сом
- Кой эчкилерге - 50 сом
- Кыйыр салыктар төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Бир яшик бал челекке - 30 сом
2. Отун пулу 1 кожолукка - 700 сом
3. Картошка, бак даракка 1 гектар - 5000 сом
4. Буудай жана чоп чабуу 1 гектар - 2500 сом
5. Жайытты тосконго (тосмо жайыт) 1 гектар - 1500 сом
- Жайыт жерлерден пайдаланып, жылдын ичинде акы төлөнбөгөн жайыт
пайдалануучуларга жайыт жерлери пайдаланууга берилбесин.
- Жайыт комитети жайыт жерлеринин салыктарын жыйноо, андан түшкөн киреше
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн жайыттарын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын.
- Жайыт комитетинин иштерин жандандыруу жана эффективдүүлүгүн аткаруу үчүн менчик автоунаадан пайдаланууга уруксат берилсин 1 жылдык автоунаа кызматы үчүн 46000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Тепе-Коргон жайыт пайдалануучулар комитети жайыт төлөмдөрүн Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүп берилсин. Тепе-Коргон айыл өкмөтү жайыттан түшкөн төлөмдү толугу менен Тепе-Коргон жайыттан пайдалануучулар комитетинин эсебине өткөрүп берилсин.
- Тепе-Коргон айыл өкмөтү МТЗ-892,9 эксковатор-бульдозерди Тепе-Коргон айыл аймагынын ички талаа жолдорду оңдоого, арыктарды жана башка иштерге иштетилсе эксковаторго сарыпталуучу күйүүчү-майлоочу материалдарды (солярка) жана тракторчуга бекитилген тариф боюнча 1 мато саат үчүн 689 с 22 т. коммерциялык иштерди аткаргандыгы үчүн 1 мато саат үчүн 937 сом 34 т акы төөлө бекитилсин.
- Тепе-Коргон жайыт комитетинин 2023-жыл кабыл алынган токтомдоруу бекитилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |