Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 17-2

 

Сумсар айыл өкмөтүнүн 2023-ж. бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Сумсар айыл өкмөтүнүн убактылуу ФЭБнүң башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынынкезексиз ХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сумсар айыл Өкмөтүнун атайын каражаттар эсебине тушкөн 2(эки) миллион акча каражаты 14239400 беренеси аркылуу кириштелип, 701 разделинин 2215 беренесине 866,0 миң сом, 2214 беренесине 200,0 миң сом, 2222 беренесине 934,0 миң сом акча каражаты чыгышталсын.

2. Сумсар айыл өкмөтүнун бюджеттик каражаттар эсебинин 70911 разделинин, 2224 беренесинен 500,0 миң сом акча каражаты кыскартылып, 70111 разделинин 2211 беренесине 250,0 миң сом, 2215 беренесине 250,0 миң сом план кошулсун.

3. Сумсар айыл өкмөтүнун бюджеттик каражаттар эсебинен киреше салыгынын пландан ашыкча аткарылуусунан 70111 разделинин 2111 беренесине 782,6 миң сом, 2121 беренесине 135,0 миң сом, кошумча план кошулсун.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана муниципалдык мүлк иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

 

Сумсар айылдык Кеӊешинин төрагасы:

К.М.Эргешов