Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-3

Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2023-жылдагы аткарган иштерин, 2024-жылга бюджетин, жайыт акы тарифтерин жана ички тартип эрежелерин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын”  негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2023-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти 445 миң сом болсо, аткарылганы 461,3 миң сомду түзгөн жана бекитилген бюджеттин кирешелери 103,6% га аткарылган. Айыл өкмөтү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйынынын № 01/23 протоколу менен таанышып жана тийиштүү кошумча, өзгөртүүлөрдү киргизген. Гулистан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар (ЖПБ) бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 01/23-Протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

3.Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга белгиленген бюджети бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

4.Гулистан жайыт комитетинин 2024-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттардын тоюттуулугун жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерин колдоо максатында айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүүсү суралсын.

5.2024-жылга карата ЖПБнин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйынында сунушталган жайыт акы тарифтери, жайыт акын төлөө келишими жана ички тартип эрежелери бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет)

6.Гулистан ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттарды жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана ЖПБнин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.

7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XХVI -3-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме.

 

 

Бекитем:                                                                                                               Макулдашылды:   

 

Гулистан айылдык Кеңешинин                                                                   Гулистан айыл өкмөтунун ФЭБ

төрагасы: кол тамгасы, мөөрү Мирзакулов У.                                   башчысы:  кол тамгасы, мөөрү  Таштемиров

 

 

 

Гулистан ЖПБ нин 2024-жылга бюджети.

Киреше булагы

№

Малдын түрү

Саны

Мал-жандыктын

жайытта

жүрүү убагы

Бир башка сезонго жайыт акысы, сом

Жалпы суммасы (сом)

1

Кара мал жыл ичинде

600

4 ай

200-00

120.000

 

торпок

100

2 ай

50-00

5.000

2

Жылкы

100

5 ай

250-00

25.000

 

тай

40

2 ай

50-00

2.000

3

Кой

900

5 ай

125-00

112.500

 

Козу

100

3 ай

42-00

4.200

4

Эчки

100

5 ай

175-00

17.500

 

улак

30

3 ай

42-00       

1.300

 

Жалпы жайытка мал багуудан

 

 

 

287.500

5

Жайытты башка максатта пайдалануу (бак, эгин айдоо, тоют даярдоо даары чөп жыйноо,туризм ж.б.)

 

 

 

 

12.500

 

Жалпы жайыт пайдалануудан

 

 

 

300.000

 

Техникаларды ижаралоо

 

 

 

168.000

7

Жалпы киреше

 

 

 

468.000

 

Чыгаша бөлугу

№

Мазмуну

Бир айга (сом)

Кварталдар менен

Жалпы суммасы (сом)

1

2

3

4

1

ЖПБнын төрагасынын эмгек акысы

10000

30000

30000

30000

30000

120.000

2

ЖПБнын эсепчисинин эмгек акысы

8000

24000

24000

24000

24000

96.000

3

ЖПБнын инспекторлорунун эмгек акысы (2)

7000

21000

21000

21000

21000

84.000

 

Баары:

 

 

 

 

 

300.000

4

Транспорт чыгымы (АИ)

 

 

4000

4000

4000

12.000

5

Сапар чыгымы

 

 

5000

5000

6000

16.000

6

Бирдиктүү салык

 

2000

6000

6000

4700

18.700

7

Соц. төлөм 25,25%

 

11700

11700

11700

11700

46.800

8

Сатуудан тушкөн салык 6%

 

 

8000

8000

8000

24.000

9

Ж. б. Чыгымдар (канцтовар)

 

1000

1000

1000

1000

4.000

10

Жайыт инфраструктурасына

 

 

26500

10000

10000

46.500

 

Жалпы чыгым

 

 

 

 

 

468.000

 

Гулистан ЖПБнин төрагасы:    

 

Бухгалтери:              

О. Сабиров

 

Р. Сагынбаев

 

 

 

 

Гулистан айылык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги       XХVI -3-сессиясынын токтомуна № 2-тиркеме.

 

Бекитем:

Гулистан айылдык кеңешинин

төрагасы: кол тамгасы, мөөрү У. Мирзакулов          

 

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйналышында кабыл алган ички тартип эрежелери жана административдик чара көрүүлөр

1.Ички жайытка мал-жандык көчүү 2024-жылдын 25-марттан 10-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 01-майдан 01-июньга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сентябрьдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.

2.Жайыттарды эс алдыруу максатында 2024-жылдын 1-нобрынан малчы-койчулар мал-жандыктарды мал ээлерине тапшырсын жана кышкы мезгилге жайытка топоз, жылкы багуучуларга кошумча жайыт акы төлөөлөрдү милдеттендирилип, уруксатсыз мал баккандарга административдик чаралар көрүлсүн.

3.2024-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин. Мал ээлерине короосундагы малдардын көзөмөлдөөсү күчөтүлүүсү эскертирилсин. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.

4.Гулистан айыл аймагынын айылдарында жана калктуу конуштарында 2024-жылдын 10-апрелинен баштап бада уюштурулсун.

5.Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 баш ат, 1 баш саан уй, 10 кой-эчки алып калууга уруксат берилсин.

6.Гулистан ЖПБне бекитилген жайыт жерлерине уруксатсыз мал-жандык жайган башка райондун, айыл өкмөттөрдүн жайыт пайдалануучулары өздөрүнө бекитилген жайыттардын пайдалануусу эскертилип, ИИБнын участкалык милициясы менен биргеликте көзөмөл күчөтүлсүн.

7.Дыйкандардын эгинине түшүп, камакка алынган ар бир малга түрүнө карабастан акчалай 1000 (бир миң) сом айып салынсын.

8.Айыл тургундары, малчы койчулар жайыттарга көчүү, конуу, кайтуу эрежелерин сактап, жайыт комитети менен келишим боюнча чыгуусу милдеттендирилсин. Ошондой эле ветеринардык аныктамасыз, жол картасыз жайытка мал чыгаруу, жайыттарга таштандыларды таштоо, башка жайыт пайдалануу ички тартибин бузгандарга Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексинин тийиштүү беренелерине жараша айып пул салынып, жоопкерчиликке тартылары эскертилип, көзөмөлдөө айыл башчылары, участкалык милиционерлер менен биргеликте жүргүзүлсүн.

9.Жайыттардын тышкы жана ички чек араларын тактоо айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн комиссия аркылуу биргеликте жүргүзүлсүн.

10.Жогорудагы эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө, укук бузууларды алдын алуу, тийштүү документтерди даярдап тактоо айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссияга жүктөтүлсүн.

 

Гулистан ЖПБ жайыт

 комитети төрагасы: 

 

 О. Сабиров         

 

 

 Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги     XХVI -3-сессиясынын токтомуна № 3-тиркеме.

 

 

Бекитем:

Гулистан айылдык кеңешинин

төрагасы: кол тамгасы, мөөрү У. Мирзакулов

 

 

 

Мал жандыктарга жана жайыт жерлерин башка максатта пайдаланууда 2024-жылга жайыт акы тарифтери

1.Бир баш ири муйуздуу малга – 1 айга - 50 сом, сезонго (4 ай) 200 сом.

-Топозго – 1 айга 50 сом, сезонго (7 ай) 350 сом.

2.Бир баш койго – 1 айга -25 сом, сезонго (5 ай) 125 сом.

3.Бир баш эчкиге – 1 айга - 35 сом, сезонго (5 ай) 175 сом.

4.Бир баш жылкыга – 1 айга – 50 сом, сезонго (7 ай) 350 сом.

5.Бир баш торпокко – 1 айга – 25 сом, сезонго (2 ай) 50 сом.

6.Бир баш тайга – 1 айга -25 сом, сезонго (4 ай) 100 сом.

7.Бир баш козуга, улакка – 1 айга – 14 сом, сезонго (3 ай) 42 сом.

 

Жайытты мал жайуудан башка максаттарда пайдаланууу

1.Кышкы тоюк үчүн пайдаланууга тосмолонгон, чөп оруп алынуучу жайыт жерлерине, мал жайууга тосмолонгон жайыт жерлерине 1 га жерге 2000 сомдон, жайыт жерлериндеги мөмөлүү бактарга 1 га 3000 сомдон акы алынсын.

2.Жайыт айдоо жерлерин пайдалангандыгы үчүн ар бир гектарына: Суулу айдоо жерге -6000 сом, кайрак айдоо жерге – 2000 сом акы алынсын.

3.Жайыт жерлерине салынган үй-жай, короо курулмалары үчүн ар бир сотых жер үчүн -200 сомдон салык алынсын.

4.Жайыт жерлеринен шагал, таштарды алуучулар (экскаватощиктер) жайыт жерин пайдалангандыгы үчүн ар бир рейс жүктөөдөн алынуучу белгиленген сумманын 4/1 бөлүк суммасын төлөөсү милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин кыртышын мыйзамсыз бузгандарга административдик чаралар көрүлсүн.

5.Жайыт ресурстарын мал багуудан сырткары багытта пайдалануу (туризм, эс алуу, дары чөптөрдү-жемиштерди терүү, жайыт жерлерин ж.б. максаттарда иштетүү) боюнча арыздар түшсө, айылдык кеңеш тарабынан пайдалануунун түрүнө жараша баалар белгиленсин.

6.Жайыт комитети тарабынан жасалган суу түтүктөрүн, ноолорду, аншлагдарды, тосмолорду жана мал жайуу графигин, ички тартипти бузуучуларга карата протоколдор түзүлүп административдик чаралар колдонулсун.

Гулистан ЖПБ жайыт

комитети төрагасы:   

    О. Сабиров