Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-9

Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү кеңештердин компетенциясынын негизинде, айылдык кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.

Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (Иш-план тиркелет)

2.Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Абдураимовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов

 

 

 

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планы

 

№

Аткарылуучу иштердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

Эскертүү

1

Гулистан айылдык кеңешинин  2024-жылга иш планын бекитүү

Январь             2024-жыл

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы        У. Мирзакулов

 

2

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

Январь                2024-жыл

Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча”туруктуу комиссиясы

 

3

Гулистан айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу, 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

Январь             2024-жыл

Гулистан айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси, туруктуу комиссия

 

4

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы СООППВ “Кара-Турпак таза суу” уюмунун 2023-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу жана 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

Январь          2024-жыл

СООППВ “Кара-Турпак таза суу” уюмунун жетекчиси                         Э. Бектемиров

 

5

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча жылдык отчётун угуу жөнүндө

 

Февраль, март                2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров

 

6

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

 

Июль              2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров

 

7

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө

 

Июль              2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы              Ш. Таштемиров

 

8

Гулистан айыл аймагындагы мектептердин 2024-2025-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө

Август             2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Айбашов

 

9

Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялык абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу

Август           2024-жыл

Вет адис, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

 

 

10

Элдик курултай өткөрүүгө даярдыктарды көрүү

Сентябрь, Октябрь 2024-жыл

Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимов

 

 

 

 

11

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

 

Октябрь           2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров

 

 

 

 

 

12

Гулистан айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлеринин 2024-жылдагы аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

Ноябрь            2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери                              Г. Раимбердиева

 

13

Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адисинин 2024-жылда аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

Ноябрь            2024-жыл

Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адиси А. Тажимаматов

 

 

               Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары

 

1

Депутаттардын, айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү

Дайыма

Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимов

 

2

Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү

Квартал сайын

Гулистан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы,                                  жооптуу катчысы                    А. Абдураимов

 

3

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүүгө көмөктөшүү

Дайыма

Айылдык кеңешинин депутаттары

 

4

Депутаттардын отчётторун угуп туруу

Ар алты айда

Айылдык кеңешинин депутаттары

 

5

Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын, Кыргыз Өкмөтүнүн, областык жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу

Убагында

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы У. Мирзакулов                        катчысы А. Абдураимов

 

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин

 жооптуу катчысы:     

А. Абдураимов