ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын
2024-жылдын 09-январы № XXVI-10
Гулистан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-октябрындагы кезектеги XV-сессиясында кабыл алынган №XV-4-Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши 2022-жылдын 22-октябрындагы өзүнүн кезектеги XV-сессиясынын № XV-4-Токтомунда “Чоң-Кыштоо” айылындагы кичи ГЭС куруу үчүн ажыратылган 1,8 гектар жер аянтынын категориясы өзгөртүлүп, жерлердин кыртышы бузулгандыгынан жаралган айыл чарба жоготууларына акча каражатты Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берилиши көрсөтүлгөн. Бирок бул чечим Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (Трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына дал келбей калган. Ошондуктан Гулистан айылдык кеңеши жогорудагы жагдайды эсепке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-октябрындагы кезектеги XV-сессиясынын № XV-4-Токтому жокко чыгарылсын.
2.Гулистан айыл өкмөтүнө:
-Гулистан айыл өкмөтү менен “Кара-Кой жарыгы” ЖЧК ортосунда кичи ГЭС куруу боюнча түзүлгөн келишимге жогорудагы маселени эсепке алып өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |