Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXIX-сессиясынын
2024-жылдын 19-апрели № XXIX-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровдун 22.02.2024-жылдагы №01-19/140 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын борборунда жайгашкан “Б. Шаназаров” атындагы стадионду мөөнөтсүз пайдаланууну сурап Ноокат шаардык мэриясы Гулистан айыл өкмөтүнө 09.02.2024-жылы № 01-15/85 сандуу каты менен кайрылган. Бул маселени карап берүү үчүн айыл өкмөтү Гулистан айылдык кеңешине кайрылган. Аты аталган стадион 1987-жылы мурдагы Фрунзе атындагы колхоз тарабынан курулган. 1990-жылдардын башында Кыргызстанда жүргүзүлгөн жер реформасынын алкагында дыйкан чарбалардын балансына өтүп кеткен. Ошол кезде стадионду дыйкан чарбалар кароосуз калтырышкан. Дыйкан чарбалар 26.08.2009-жылда жалпы жыйын өткөрүп, стадионду Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп беришкен. Стадиондун чыгыш жана батыш тарабындагы элдер отура турган жери 2019 жана 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып реконструкция болгон.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл өкмөтүнүн 22.02.2024-жылдагы чыгыш № 01-19/140 сандуу “Гулистан айыл аймагындагы Б.Шаназаров атындагы стадионду Ноокат шаар мэриясына мөөнөтсүз убакытка берүү боюнча 09.02.2024-жылдагы № 01-15/85 сандуу чыгыш катын кароо боюнча” каты кароосуз калтырылсын.
2.Гулистан айыл өкмөтүнө:
-Кыска убакыт ичинде стадионду толук реконструкциялоо үчүн ички-сырткы инвесторлорду тартуу, мындан ары заман талабына ылайык калыбына келтирүү тапшырылсын;
-Стадионду дайыма карап туруу үчүн кароолчунун штатын ачуу жагы тапшырылсын;
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Жаштар, спорт, маданият, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |