Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-августу ПЖ № 217
Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө
Маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-августундагы № 60 (3614) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |