Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-августу № 461
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жер участокторун ижарага берүү жол-жобосун оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 5510-пункттун 2-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 5-пунктуна ылайык, социалдык маанилүү объекттерди (мектепке чейинки билим берүү – 0,75 га чейин, мектептик билим берүү, спорттук багыттагы, саламаттык сактоо, туризм жана маданият багытындагы имараттарды жана жайларды) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында, жеңилдетилген ижара акысын аныктоо менен, ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин курулган имараттарды, курулмаларды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берүү милдеттүү шартында мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктарынан бош, калктуу конуштардын аймагында жайгашкан жер участоктору.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
А. А. Касымалиев |