МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/96
«Мега» антеналарын орнотууга жер участокторун
бөлүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-мыйзамынын 50-беренесинин 4-пуктуна ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясын токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылынын Абдрахман-Ата көчөсүнүн күн батыш тарабынан «Мега» антенасын орнотууга 682 -контурунан Сары-Жон участогуна ЗАО «Альфа телеком» ишканасы менен убактылуу пайдаланууга 20м2 ижарага берүүгө макулдук берилсин..
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда бөлүнгөн жер участогунун документтерин каттоодон өткөрүү жагы, Кыргыз Руспубликасынын
айыл чарба министирлигине караштуу жер ресурстар кызмат бөлүмүнүн филиалынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлө алуу жагы «Миң-Булак тазалык» муниципалдык ишкананын башчысы К. Сармолдоев тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жамангулов |
|
|