Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 252/36-8
Талас шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү планынын 2024-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 24.07.2024-жылдагы №01-19/2059 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү планынын 2024-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү планынын 2024-жылдын 6 айына карата аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |