Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII–чакырылышынын кезексиз 5– сессиясы

 

2023-жылдын 28-февралы № 1

 

Кең-Арал айылынын тургуну А.Шабдановдун жери жөнүндө

 

Кең-Арал айыл аймагындагы башталгыч мектептин от жагуучу жайы жана ашканасын курууга жер аянты тар болуп, курулуш иштерин курууга муктаждык жаралгандыктан айылдын тургуну А.Шабдановго тиешелүү болгон жер тилкесин башка жерге алмашуу жолу менен жер участогун бөлүп берүү жагын талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдын тургундары Надира Шабдановага 0,08га жана Коргонбаева Айжанатка 0,08га жер тилкеси А.Шабдановдун жер тилкесинин жанынан бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Б.Токонов